Экинчи  китеп

          Кыргыз  эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Казат Акматов менен биргеликте “Ачуу чындык, акыйкат сөз”- аталышындагы  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолуна арналган, биринчи бөлүк китеп  2013-жылы чыккан.

Залкар жазуучунун 85-жылдыгына карата ини-досу 30-40-жыл үзөңгүлөш бир жүргөн замандашы  жазуучу Казат Акматов улуу инсан кыргызды дүйнөгө тааныткан жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жөнүндө мурда басма сөздө айтыла элек, эл билбеген нечен сырдуу окуяларды ошол жыйнакта баяндаган эле. Китеп калбай, окулуп,  Казат агай ыраазы болуп, экинчи китептин үстүндө  иштеп атканда ооруп калып, шум ажал, күтүүсүздөн  оп тартып, китеп ошол бойдон калып калган. Китептин айрым жерлери менен тааныштырабыз.

-Чыңгыз Тѳрѳкулович Кыргызстан жазуучулар Союзунун тѳрагалыгынан кандайча кетип калды эле? Эл арасында ар кандай  сѳздѳр бар.

- Болушу мүмкүн. Анткени ал окуя дагы  чалышпаган бир  түшүнүксүз  иш болуп калган.

- Толугураак айта аласызбы?

- Анын эч  жашыруун жабыгы жок. Анткени жазуучулардын кезектеги курултайында, залда эл толо отурган кезде  болгон окуя.  Чыкем анда СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп ишке кеткен кези эле. Биздин  курултайга карата атайын учуп келген. Союздун тѳрагадан кийинки биринчи катчысы болуп мурдагы курултайда шайланган Асан Жакшылыков отчетун берип бүткѳн соң жазуучулардын улам бири чыгып андан 64миллион сомдун дайыны кайда деген суроо беришип жарга такап атышты. Ал сумманы  Чыкемдин ѳтүнүчү боюнча Аскар Акаев жазуучуларга үй салып берүү үчүн бюжеттен атайын бѳлдүргѳн деп укканбыз. Үй Москва менен Турусбеков кѳчѳлѳрүнүн  кесилишинде салына да баштаган.  Аңгыча эле биз ѳзүбүздүн кыргыз сомуна ѳтүп, Асан Жакшылыков болсо ар кандай шылтоолорду айта баштады. Негизгиси рубль менен сомдун ортосундагы айырмадан улам 64 миллион сом үй курууга жетпей калды деген себеп эле. Бирок кѳпчүлүк жазуучулар  ал шылтоого ынабастан, Асан Жакшылыковдун ишин ревизиялык комиссияга берүүнү  талап кылып турду курултайда. Чыкем болсо чекесин мыкчыган тейде президиумдун тѳрүндѳ бирдемелерди чиймелеп жалгыз отурат (ал кезде мурдагыдай топураган президум шайланбай калган мода жаңы чыккан). Акырында курултай Жазуучулар Союзунун биринчи катчысын кайра шайлоо боюнча күн тартибине келип такалды. Зал дуулдап, ар кимдер чыгып ѳзүнүн талапкерлигин сунуштап, бирок «Чыңгыз Тѳрѳкулович, сиздин оюңузду угалы» деп түшүп кетип жатышты. Ошондо Чыкем ордунан туруп: «Менимче, силердин бир топ кызуу талкууга караганда Асан дурус эле иштеген кѳрүнѳт. Иштин жѳн-жайын дагы ѳздѳштүрүп калды. Ошондуктан Жакшылыковдун ѳзүн эле калтырбайлыбы десе болобу.  Ошенткенде Чыкеме таарына түшкѳн бир-даар жазуучулар залдан чыга башташты. Чыкем калдалаңдап чоочуп кетти, эмине балээ болуп кетти дегенсип. Кѳрсѳ,  эртеси уксак, залды караган үн күчѳткүчтѳр жаңырып Чыкем отурган «сахнанын» тѳрүнѳ сѳз дайындуу  угулбайт экен да.  Ошол чырлуу окуядан кийин Чыңгыз Айтматов мурда эле айтып жүргѳн сѳзүн кайталап: «Мен сыртта иштеп калдым,  тѳрагалыктан бошотуп койгула», -деп калемдештеринен ѳтүндү дагы, Люксембургга жѳнѳп кетти.

-Улуу адамды жазуучулар кѳп эле жолу ушинтип капа кылгансыңар го дейм?

- Күлгүзгѳн учурларыбыз деле болгон.  Рас, ал киши ѳтѳ  сейрек күлчү эле. Бир жолкусу эсиме түшѳ калды, ошону айтсам Чыкемди күлдүргѳн киши мага таарынбастыр.

-Казат, убакыт тапсаң бир келип кетчи,-деп телефон  уруп калды. Анда мен  Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган элем. Дароо бардым Жазуучулар Союзундагы кабинетине. Кирсем эле ыкшып күлкүсүн токтото албайт.

-Жанараак  Мырзабек Тойбаев келип кетти мага. Койгон маселеси бирѳѳ экен. Акматовду жазуучулар союзунан чыгарыш керек. Анткени ал калпычы экен.  Минтип жалган айткан адамга  биздин союзда орун болбош керек дейт. Чыкем чындап күлгѳндѳ моюн-башы кызарып, башын кѳтѳрбѳй, чекесин мыкчып  калчу. Мен сѳз тѳркүнүн дароо түшүнѳ албай үнсүз отуруп калдым. - Ѳткѳн жумада, Мен Москвада экенде биздин союздун пленумун ѳткѳргѳн турбайсыңарбы. Кимди «Эл жазуучусу» наамына кѳрсѳтѳбүз деп  жашыруун добуш берип бюллетень  салган турбайсыңарбы.  Ошол тизмеде Мырзабек дагы бар беле?

-Ооба бар болчу.

-Сен  ага добушумду берем деп убада кылган турбайсыңбы. Бердиң беле добушуңду?

-Бергем, -дедим мен, Чыкеме шек алдырбай жылмайып. Анткени Мырзакем адатынча бура бастырбай, дал  Пленумдун алдында мени кармап алып эзгенде, «маакул»деп кутулгам. Ага жалган убада бергеним чын болчу. Бирок Чыкеме дагы калпымды кармай албайт да деген ой менен «добуш бергем» деп мостоюп  отуруп алдым.

-Анда Мырзакеме калпыңды даана карматыпсың, Казат. Эми ал сенин жонуңдан түшпѳйт,-деп эле  Чыкем кайрадан күлѳт.

-Кантип кармайт калпымды? Бюллетенде атым жазылбаса,  ким салды, ким койду, кайдан билмек эле?

-Жо, даана   кармаптыр ал сени.

-Кандайча?

-Бир добуш алган турбайбы?

Мен эч нерсе түшүнбѳй делдейе түштүм да,  кайрадан жооп таба койдум.

-Ошол добуш меники да, Чыке!

-Жок, антип  буйтай албайсың. Ал добуш ѳзүнүкү экен, Казат. Ал ѳзү дагы башкармалыктын мүчѳсү  катары добушка катышкан  турбайбы. Түшүндүңбү эми?!

Мен сѳз таба албай кыпкызыл болуп отуруп калдым Чыкем аябай күлүп  бугун чыгарып алды.

-Мындай күчтүү далилди  Мырзакемден башка эч ким таба албайт!-деди Чыкем, кѳзүндѳгү күлкүнүн жашын бетаарчысы менен сүртүп жатып.

Андан бери канча суулар акты, заман таанылгыс болуп ѳзгѳрдү  Акматов сыяктуу «добуш бербегендер» дээрлик жоголуп бүттү.Азыр ушул тапта Мырзабек Тойбаев «Кыргыз эл жазуучусу» деген абройлуу ардак наамдын ээси, буюрсун…

- Кызык  экен, мени дагы күлдүрдүңүз. Дагы бир окуя эстебейсизби?

         - Мейли. Кайталангыс акыныбыз Рамис Рыскулов менен дагы бир топ тамашалуу окуялар болгон. Ошондон бирди айта кетейин.

-Рамис - гений! Чыңгыз –гений! Бир элде эки гений болбош керек. Ошон үчүн мен  Чыңгызды  бутума кийип алып тебелеп жүрѳм!- деп Рамисаке  тээ жашыраак кезинде, кыштын кыраан чилдесинде,  жалаң кѳйнѳк, жалаң тѳш болуп алып шаарды кыдырып бийлеп жүргѳнүн кѳргѳндѳр кѳп болду.  Иш мындай экен. 

Кыш ортосунда бутуна кийээр кийими жок калган Рамис  Чыкемдикине кирип барат. Чыкем аны калдаңдап тосуп алып, курсагын тойгузуп, бутуна жылуу ѳтүк кийгизет. Ракем кѳчѳгѳ чыгаар менен ѳтүкчүнүн боегу менен «Чыңгыз» деп эки ѳтүгүнѳ жазып алып  тайраңдап бийлеп, барбаган жердин баарына барат. Аны кѳргѳндѳр ушундай-ушундай деп телефон чалса Чыкем: «Рамис ѳтүгүн кандай кийсе ѳз эрки да»  деп күлүп тим болгон экен.

  «Аксакал тѳрдѳ отурат

    Атылбай калган кулжадай…»

же: «Турналар, турналар

          учуп жүргѳн сурналар…» деген  сыяктуу  Ракемдин саптарын окуганда  Чыкем башын ѳйдѳ кѳтѳрѳ калып: «Мындай саптарды кимибиз жазабыз. Эч кимибиз жаза албайбыз!» - деп чын ниети менен тамшанып калаар эле.

   Дагы бир жакшы кѳргѳн адамы-прозачы Качкынбай Осмоналиев болчу. Бир жолу чогулушта Наскем (Насирдин Байтемиров) «Жаш прозачылар кашаңсыңар. Чыңгызды кууп жетип, андан озуп кетишиңер керек!..» -деп чакырык таштап атса, Качкынбай Осмоналиев  трибунага чыгып алып: «Ой, Наске,  кудайды бир карап сүйлѳсѳңүз боло.  Чыңгызды кууп жетебиз деп баарыбыз тең  жинигип ѳлѳбүзбү?!» - дептир.

   Кыргыз жазуучуларынын  арбири ѳзүнчѳ жаткан эле тамашанын кенчи десек болот. Анын бири Темиркул Үмѳталиев эле.  Аябай таланттуу бирок  шашма,  бир чети алаңгазар киши болчу.  Ал кишинин кѳп сѳздѳрү эл ичине лакап болуп тараган.Мисалга,жаш Айтматовдун алгачкы  повесттерин аксакал жазуучулар бир чогулушунда катуу сындап атса, Темикем кечигип, шашып-бушуп кирип келет.

-Темике, сиздин пикир кандай?

-Мен ушул жаш жигиттин чыгармаларын түк окуган эмесмин. Эми окубасам дагы оюмду айтып коеюн, - деп баштаган дейт сѳзүн.Темикемдин ушул сѳзүн уккан Турдакун Усубалиев (ѳтѳ аз күлгѳн киши) он мүнѳттѳй күлкүдѳн башын кѳтѳрѳ албай ыкшыган дешет.

Албетте, биз Чыңгыз Айтматовго байланыштуу гана айырым эске түшкѳн күлкүмүштѳрдү эскердик. Болбосо, Мидин, Райкан, Байдылда ж.б. сыяктуу чыгаандарыбыздын толгон-токой тамашаларын тизмектесек кагаз чак келбес. Дал ушул ишти колуна алып Мырзаян Тѳлѳмүшев деген акын  котормочубуз азырынча майдалап китеп чыгарып, акырында элге бир жыйнак сунуш кылсам деген аракетте жүрѳт.

 Чолпон Субакожоева


Фото сюжет

НОВОСТИ