Ар бир адамдын жашоосундагы эң маанилүү жана жоопкерчиликтүү нерсе бул кесипти туура тандоо. Кесибин туура эмес тандаган адам, жашоодо ордун таабуусу кыйын. Студенттик мезгил жашообуздун эң маанилүү баскычы десем жаңылышпайм. Мындан 2 жыл мурда 2019-жылы мектепти аяктап, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырууну чечтим. Далай окуучулар арман кылган университеттин гранты мага да буйруду.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өлкөбүздөгү бай тарыхка ээ, билим сапаты боюнча алдыңкы 10 университеттин  катарын толуктайт деп мактануу менен айта алабыз. Өзүнө 12 факультетти, көптөгөн кафедраны камтыган университеттин студенти болуу бул ар кимге насип кыла бербейт.Университеттин босогосун аттаган күндөн тартып талапка ылайык, келечектеги педагогдорго сапаттуу билим берүү ордосу экенине толук ынандым.

Аталган билим ордосу  маданияттуу, тартиптүү, коомдогу алдыңкы жана өлкөбүздүн келечегине жан үрөгөн жаштардын борбору. 1000ден ашуун профессор-окутуучулук курамынан турган эмгек жамааты эмгектенет.

Окуу жайдын сыймыгы болгон "Илимий китепканада" китептин саны милионго жакын жана заманбап үлгүдөгү интернет- конференция залы орун алган.

Жашыман апамдын студенттик күндөрү тууралуу аңгемелерин угуп чоңойгонумабы, айтор, студент болууга аябай ашыктым. Азыр эми жакынкы жылда университеттин бүтүрүүчүсү аталамын. Эң кызыкту студенттик күндөрүмдү ушул окуу жайда өткөрүп жатканыма кубанычым чексиз.

Кызыгы менен кыйыны катар жүргөн чакта туура жолго баштаган окутуучуларыма чексиз алкыш. И.Арабаев атындагы КМУдан алган сапаттуу билимим, күткөн досторум, эң керемет студенттик өмүрдү тартуулаганы дайыма эсимде жана жүрөгүмдө сакталат.

Мадаминова Нуриза

КМУ И.Арабаев МжЛИнин

3-курсунуну студенти


Фото сюжет

НОВОСТИ