Борбор калаа Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында өткөн спорттук мелдеште волейбол оюнунан И. Арабаев атындагы КМУ алдыңкы орунду алды.

Тактап айтканда, волейболдон 40 жаштан өйдөкү агайларыбыз 2- орунга ээ болуп, университеттин намысын коргошсо,  40 жашка чейинки мырзалар дагы экинчини багындырып, байгелүү болушту. Ал эми кыз- келиндер арасында өткөн волейбол мелдешинде КМУнун кыздары 3- орунду камсыздашты.

Албетте, 10 дон ашык жогорку окуу жайы катышкан таймашта экинчи жана үчүнчү орундарды камсыздаш университет үчүн чоң жеңиш жана жетишкендик десек болот. 24- февралдан баштап, футбол оюну башталмакчы. 


Фото сюжет

НОВОСТИ