Кыргыз Республикасынын Президенттик аппараттын өкүлү Октябрь Капалбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетине КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмабетовдун атынан "Ыраазычылык кат" тапшырды.

 

Эске салсак, Кыргыз элинин ата-бабадан бери келе жаткан каада-салт, нарк-насилин сактоо жана аны элге жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун буйругу чыкты.

Аталган буйрукту иш жүзүнө ашыруу, көзөмөлдөө иши мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовго жүктөлдү. Ошол жарлыкты коомго жайылтуу, илимий агартуу тармагындагы окумуштуу, илимпоздор менен биргеликте иш алып баруу боюнча иш аракеттер жүрүүдө.   


Фото сюжет

НОВОСТИ