8- июнь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун №3 корпусунун жыйын залында обончу, композитор Кадыралы Артыковдун " Кадыралынын канаттуу кайрыктары" аталышындагы ырлар жыйнагынын ачылышына арналган концерттик кече болуп өттү.

Аталган иш- чарага И. Арабаев атындагы КМУнун Жаштар иштери жана спорт боюнча проректору Жайна Садыбек кызы баштаган ректораттын өкүлдөрү, К. Артыков өзү эмгектенген КМУнун Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин профессордук- окутуучулар курамы, педагог, балдар жазуучусу Сулайман Рыспаев,  Таштан Эрматов атындагы музыкалык окуу жайдын директору, обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошев ж.б. белгилүү инсандар катышып, К. Артыковду куттуктташты. 

Концерттик кечеде аталган факультетте окуган чыгармачыл студенттер К. Артыковдун чыгармаларын көрүүчүлөргө тартуулашты.  

Кече обончунун " Тоолор жаңырыгы" аттуу симфониялык поэмасы жана анын ырына даярдалган хор менен жыйынтыкталды.


Фото сюжет

НОВОСТИ