Ош шаарында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Ага И.Арабаев атындагы КМУнун студенттерден түзүлгөн "Билим" командасы катышты. 

Мелдеш 15-июнда башталган жана 19-июнга чейин өттү. 

Биринчи беттеште "Билим" жана Теңиртоо командалары ойноп 3:1 эсебинде "Теңиртоо" командасы утуп алды. Экинчи оюнда "Билим" Жалал-Абаддын клубу менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңип алды.

Финалдык турнирдин ачылышында Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза  Сатыбалдиев студенттик волейболду активдүү колдогон университетти баса белгилеп өттү. Алар И.Арабаев атындагы КМУ жана ОШМУ. Аталган эки жогорку окуу жайда гана профессионал клубдар бар.


Фото сюжет

НОВОСТИ