И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучуларынан турган атайын команда Ысык-Көл облусунда өтүүчү университеттер аралык спартакиадага катышат. Курама команда менен университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов жолугуп, катышуучуларга ийгилик каалап узатты.

Маалым болгондой, 20-27- июнь күндөрү Чопон- Ата шаарында жогорку окуу жайлар арасында споттук мелдеш болмокчу.

Аталган мелдеште 40 жашка чейинкилер жана 40 жаштан өйдөкүлөр спорттун волейбол, футбол, баскетбол, тогуз коргоол, аркан тартыш, теннис ж.б. түрлөрүнөн күч сынашышат. Эске салсак, аталган спорттук чемпионат көл жээгинде жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана

спорт агенттиги тарабынан уюштурулуп келет.


Фото сюжет

НОВОСТИ