IT – бул маалыматтык жана коммуникациялык технология. Аны ийне-жибине чейин билгендер түрдүү компьютердик программаларды иштеп чыгышат. Интернет заманында мындай программаларсыз бир дагы тармак кыймылдабайт десек болот. Ушул технологияны мыкты өздөштүрүп, Кыргызстандагы “Growava” компаниясында иштеп жаткан программист – Рахат  КУБАТБЕКОВду кепке тарттык.

Өз алдымча өздөштүргөм

– И.Арабаев атындагы КМУнун физика-математика факультетинин  2-курсунда окуп жүргөнүмдө компьютердик сабаттуулук боюнча курска барып калдым. Ал жактан түшүнүксүз символдор менен программа жазып, сайт жасап жаткандарды көрүп аябай кызыктым. Компьютердик сабаттуулук, программалоо боюнча бир жума сабак алгандан кийин өз алдымча окуп, үйрөнүүгө өттүм. Себеби, интернет булактарынан, ютуб каналдардан программалоо боюнча бардык  маалыматтарды тапса болот эле. Анын үстүнө студент болгондуктан айына курска 8-10 миң сом төлөп окуганга мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Ошентип олтуруп,1,5 жыл дегенде өз алдынча өздөштүрүп алдым.

Кардарларыбыз чет өлкөлүктөр

– Программисттер Front-End, Back-End деп бөлүнүшөт. Front-End бул– вебсайттын же тиркеменин колдонуучулар көрө алган бөлүгүн жазган программист. Алэми Back-End  – веб-сайттын аркасындагы колдонуучуларга көрүнбөгөн курамдарын жазат. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда сайттан издеген нерсени дароо маалымат базасынан таап чыгып көрсөтөт.

Мен, “Growava” компаниясында Back-End программист болуп иштейм. АКШ, Япония, Европа өлкөлөрүндөгү интернет магазин ээлерине товарларын сатканга жардам берүүчү программа түзөбүз. Ал программа кардарлардын пикирлерин чогултуп, сайтка катталгандардын өздүк маалыматтарын (туулган күнү, жактырган товары ж.б.) сактап калып, ошого жараша кардарга товар сунуш кылат. Башкача айтканда кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, кардардын пикирин, талабын эске алуу менен көбүрөөк товар сатууга жардам беребиз.

Бул тармакты “бетюби” деп коёт, б.а. биздин клиенттер бизнесмендер. Бизде бул тармак жакшы өнүкпөгөндүктөн, көпчүлүк кардарларыбыз чет өлкөлүктөр. Учурда 8 миңден ашык кардарыбыз бар. Жумасына 5 күн, 8 сааттан иштейбиз. Андан сырткары 2 күн үйдөн, 3 күн офистен иштөө мүмкүнчүлүгү каралган.

Кирешелүү тармак

– IT тармагы –  учурда абдан кирешелүү тармактардын бирине айланды. Бирок, мында деле программисттин квалификациясына, адистигине жараша айлык-акы төлөнөт. Билишимче, IT тармагы Кыргызстандагы эң алдыңкы 5 жогорку маяналуу тармактын бирине кирет. Мисалы, программисттер квалификация-сы боюнча: junior, middle, senior деп 3 деңгээлге бөлүнүшөт. Кыргызстан боюнча алсак, junior 300-600 доллар, middle 800-1500 доллар, senior 2000 доллардан жогору айлык маяна алышат. Англис тилин жана көп программалоо тилин билгендерге суроо-талап жогору жана айлык маянасы да жакшы төлөнөт.

Башында программисттердин айлык-акысы жогору болорун билген эмесмин. Программалоону анча-мынча өздөштүрүп калгандан кийин IT компанияларын изилдеп, өзүмө ылайыктуу жумуш издей баштагам. Ошондо программисттердин айлык-акысын көрүп таң калган элем. Бирок, ал кезде бизде IT компа-ниялар аз болгондуктан айлыкты сом менен төлөшчү. Акыркы 2 жылда Европа өлкөлөрү, Америка менен иштешкен компаниялар көбөйүп, доллар менен жогорку айлык төлөй башташты. 

Келечектүү кесип

– Азыр маалымат технологиясынын заманы болгондуктан IT тармагы да жашообуздун маанилүү бөлүгүнө айланды. Жөнөкөй эле интернеттен маалымат издегенден тартып, жумушка орношуу үчүн электрондук резюме даярдоого деле компьютердик сабаттуулук керек. Башкача айтканда, баарыбыздын эле күнүмдүк тиричилигибиз IT менен тыгыз байланышта. Ошондуктан окуу, жазуу бизге кандай керек болсо, бул тармак да ошондой эле мааниге ээ болуп калды.

Саат эмес, мүнөт сайын жаңыланып турат

– Биздеги университеттердин окутуу программалары эскирип калгандай. Муну университетти бүтүрүп, биздин компанияга практикага же жумушка келгендердин мисалына тая-нып айта алам. Окуу жайды 5 жыл окуп бүткөндөн кийин эле алган билимиң эскирип калган болот. Ал эми IT тармагы саат эмес, мүнөт сайын жаңыланууда. Ошондуктан, IT адистери дарыгерлер сыяктуу эле улам жаңы билим, жаңы маалымат менен билимин толуктап туруулары керек. Антпесе, кардардын талабына жараша кызмат көрсөтүп, жакшы компанияга жумушка орношуу мүмкүн эмес.

Өзүм да жумуштан кийин дайыма 2-3 сааттан окуп турам. Технология боюнча кандай ачылыштар болуп жатканын, көйгөйлөрдү ылдамыраак чечүүнүн жолдорун издейм. Бизде IT боюнча конференция, семинарлар өтө аз уюштурулгандыктан, көбүнчө Казакстан, Россияда уюштурулган вебинарларга катышам. Анын үстүнө азыркы учурда программалоо тилдерин, технологияларды интернеттин жардамы менен үйдөн чыкпай эле үйрөнүүгө толук мүмкүн.

Документ маанилүү эмес

– Кыргызстандагы IT компания-лардын дээрлик бардыгы эле жумушка кабыл алганда адистен диплом же сертификат талап кылбайт. Маектешүү учурунда алгач оозеки текшерип көрүп, андан өтсөңүз анан техникалык тапшырмаларды берет. Теориялык билимиңизди канчалык деңгээлде практикада колдоно аларыңызды, программалоо тили менен кандайдыр бир тапшырманы чече аласызбы текшерип көрүп жыйынтык чыгарышат. Ошондой эле биздеги IT компанияларга жумушка орношууда Кыргызстандан алган диплом, сертификаттар эч кандай артыкчылыкка ээ эмес. Кээ бир компаниялар эле эл аралык деңгээлдеги сертификат, дипломго артыкчылык бербесе.

IT-адистерине дүйнө муктаж

– Кыргызстандагы IT компанияларынын башын бириктирген PVT организациясынын директору Азиз Абакиров: “Жакынкы 5-10 жыл аралыгында Кыргызстанга 50 миң программист керек болот” — деп айтканы бар. Бул жерде “программист” деген документи барлар тууралуу эмес, тажрыйбасы жетишээрлик, эл аралык деңгээлде теңтайлаша тургандай күчтүү программисттер тууралуу айтылган. Себеп дегенде биздеги көпчүлүк компаниялар чет элдик кардарлар менен иштешет. Ал жактын кардарлары кызмат көрсөтүүдө жогорку талаптарды коюшат. Андай мыкты адисттерди компаниялар таба алышпай чет өлкөдөн “аралыктан иштеген” форматта жумушка алууга аргасыз. Күчтүү IT адистерине биз эле эмес, азыркы күндө дүйнө эли муктаж. 

Акча табуунун булагына айланган курстар

– Азыр программалоого окуткан курстар көбөйдү. Жарнамаларынан “2-3 айда жогорку айлык алган жумушка даярдайбыз” – деген өңдүү убадаларды көрүүгө болот. Чындыгында бул тармакты жакшы өздөштүрүү үчүн 6 айдан 1 жылга чейин билим алуу керек. Эгерде ошол курска чейин программалоо боюнча базалык билими болуп, компьютердин тилин түшүнгөндөргө жеңил болушу мүмкүн, бирок, бул учурда деле программалоону 2-3 айда жетишээрлик деңгээлде өздөштүрүп чыгуу мүмкүн эмес. Ал эми көпчүлүк курстар бул тармактын атын жамынып, акча табуунун булагына айлантышты.

Ал курстардын баасы арзан эмес, айына 8-10 миң сом төлөп окушат. Ошончо акчасын кетирип жетиштүү билим алалбаган студент 2-3 компанияга барып, жумушка орношо албай “IT мен үчүн эмес окшойт” деп орто жолдон таштап коюп жатышат.

Биздеги негизги көйгөйлөрдүн бири – жумушсуздук болгондуктан, көпчүлүк жаштар жакшы акча табуу үчүн чет өлкөгө иштеп кетүүгө аргасыз. Ал эми IT тармагы эч жакка чыкпай  аралыктан Америка, Европадагы компаниялар менен иштешип, жогорку айлык-акы тапканга толук мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Орусиядан келген IT-адистеринин зыяны жок

– Акыркы мезгилде Орусияга салынган санкциялардан улам ал жактан айтишниктер өлкөбүзгө көп келип жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарады. Биздин өлкө IT-адистери үчүн бир топ ыңгайлуу. Себеби, көпчүлүк мамлекеттерге салыштырмалуу бизде интернеттин баасы арзан жана мүмкүнчүлүгү жакшы, өчүп калуу коркунучу жок. IT-адистерине иштегенге ыңгайлуу. Анан жакшы тарткан интернет болсо эле ишмердүүлүгүн жүргүзө берет. Келген айтишниктерге шарттар каралып, иштери мыйзамдаштырылса өлкөбүзгө салык төлөгөндөн башка зыяны деле болбойт.   

Программа жазуу – генийлердин иши эмес

– Эгер IT тармагында окугуңуз келсе биринчиден, бул тармакка кызыгышыңыз керек. Акчасы, иштөө графиги же дагы башка артыкчылыктарына карап тандасаңыз жаңылышасыз. IT адиси болсоңуз жумушу жок калбайсыз. Программа жазуу – генийлердин иши эмес, аракетиңиз жана каалоо болсо үйрөнүп кетесиз. Өз алдынча деле окуп бул тармакты өздөштүрүү мүмкүн. Бирок, “муну оку, муну окуба” деп багыттап, маалыматты ылгап берген менторуңуз (багыт берген) жок көбүрөөк убактыңыз коройт.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”

 Мариябүбү Анарбекова, И.Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу, куратор:  

Рахат Кубатбеков студенттик кезинде эле компьютерге өтө кызыкчу. Ал ФМББ МТ факультетинин физика адистигин бакалавр квалификациясын бүтүп, 2017-2018 окуу жылында окуусун аяктаган. 2- курстан баштап компьютердик курстарга барып жүрүп, 3- курска келгенде сабакты көп калтыра баштады.
 
Мен куратор катары жекече сүйлөшсөм, "Эже, атам оорукчан, ооруканада, ага да жардам берип түнкүсүн карайм, күндүз иштеп жатам, эмне кылышты билбейм"  деп,-себебин түшүндүргөн. Сабакты көп калтырган студенттерге рапорт берилет, Рахат ошол тизмеде турат. А кезде факультет деканы Жеңиш Түнкатарович эле, деканга кирдим шартын түшүндүрүп. "Эгер окутуучулардын макулдугу эркин катышууга жардам берсе, арызына кол койуп берейин"- деди.
 
Баланын шартын түшүнүп, куратор катары кафедранын окутуучуларына кайрылып тапшырмаларын өз убагында аткарып, окуусун ийгиликтүү бүтүп кетишине кафедранын жааматы жардам берген.
 
Рахат дагы өзү тырышчаак студент болчу.
 
Алыскы Нарын облусунун Ак -Талаа районунун Ж.Сатылганов орто мектебин ийгиликтүү бүтүп келип, Ааламды алдыга жылдырган- lТ технологиясын өз алдынча өздөштүрүп,саат сайын эмес мүнөт сайын жаңыланып туруучу кесипке ээ болуп азыркы учурда келечектүү кесиптин ээси болуп иштеп жаткандыгы бизди кубандырат. 

 


Фото сюжет

НОВОСТИ