Венгриянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу элчиси Шандор Дороги И.Арабаев атындагы КМУнун 1-проректору Абдраева Айгүл Төлөковна, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Бөрүбаева Аниса Бираевна жана Манас таануу жана лингвистика институтунун директору Сартбекова Нуржан Коодоевна менен жолугушту.

Жолугушууда билим берүү жаатында бир катар кызматашуулар тууралуу сөз болуп, бир канча сунуштар айтылды.

Мындан сырткары, И.Арабаев атындагы КМУнун базасында венгер маданияты жана тили борборун ачуу сунушу Венгрия мамлекетинин ыйгарымдуу элчиси тарабынан колдоо тапты. Ал эми 23-октябрда аталган мамлекеттеги жеңиш майрамына карата Көркөм билим берүү адистигинин студенттери тарабынан колго жасалган этно буюмдарынын көргөзмөсүн уюштуруу сунушу

сентябрь айында

Кыргызстан менен Венгриянын кызматашуусунун 30 жылдыгынын урматына

арналган иш-чара учурунда алгач көргөзмөнү элчиликте өткөрүп, андан соң Будепешт шаарында уюштурууга болоорун кошумчалады.


Фото сюжет

НОВОСТИ