2022-жылдын 23-августунда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор  Абдырахманов Төлөбек Абылович  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине ректор болуп дайындалды

КУУнун жалпы жамаатына Абдырахманов Төлөбек Абыловичти, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев тааныштырып, жаңы ректор тууралуу кыскача айтып берди.

И. Арабаев атындагы КМУнун жалпы жамааты, профессор Абдырахманов Төлөбек Абыловичти жаңы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалайт!  


Фото сюжет

НОВОСТИ