Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору, "Жаш тилчилер" уюму жана "Жамгыр" басма үйү мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында социалдык тармактарда "Мамлекеттик тилге кошкон салымым" деген темада сынак өткөрөт.

Сынакка катышуу үчүн өзүңүздөрдүн социалдык тармактагы баракчаңыздарга "Мамлекеттик тилге кошкон салымым" деген темада видео, сүрөт, пост жүктөп, #жаштилчисынак жана #жамгырсынак #хештегдерин колдонуп, кошкон салымыңыздарды, сунушуңуздарду жалпы коомчулук менен бөлүшүңүздөр.

Сынакка окуучулар, студенттер, мугалимдер, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана өлкөнүн бардык жарандары катыша алат.

Сынактын мөөнөтү: 8-сентябрдан 30-сентябрга чейин.
Жүктөлгөн эмгектерди түзүлгөн комиссия карап чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Суроолор үчүн байланыш телефону: 0708424041

НОВОСТИ