Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин буйругу менен филология илимдеринин кандидаты Абдраева Айгүл Төлөковна И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалды.

Аталган буйрук министрликтин конкурстук комиссиясынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы № 4 протоколунун негизинде чыгарылган.

Университеттин жалпы жамаатынын атынан Айгүл Төлөковнаны жаңы ректорлук кызмат орду менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!


Фото сюжет

НОВОСТИ