Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда ректорлордун дүйнөлүк форумунун салтанаттуу ачылышы өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы өзүнүн куттуктоо сөзүндө форумдун бардык катышуучуларына иш-чараны өткөрүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” темасындагы ректорлордун дүйнөлүк форумун өткөрүү 14-15-сентябрга пландалган.

Иш-чарага дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн жогорку окуу жайларынан 100дөн ашуун ректор катышууда.

Форум изилдөөлөрдүн жана инновациялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ЖОЖдордун тажрыйба алмашуусуна негиз болот, ошондой эле Кыргызстандын университеттеринин эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусуна да өбөлгө түзөт.

Катышуучулар жаштардын илимий-техникалык потенциалын ишке ашыруу, ЖОЖдордун интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу, изилдөө жана билим берүү кызматтарын көбөйтүү үчүн илимий мектептерди уюштуруу жолдорун талкуулашат.

НОВОСТИ