Бүгүн, 21-сентябрда И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Э. Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинде "Мамлекеттик тил - биримдиктин жана достуктун тили" деген темада иш-чара өткөрүлдү.

Ага университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору Нурмамат Эсенгулов, тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанова, мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис Абдил Шерматов жана башка окутуучулар катышышты. Иш-чарада 1-курстун студенттери кыргыз тилин даңазалаган ырларды көркөм окуп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Аталган иш-чараны 23-сентябрь кыргыз тил күнүнө карата факультеттин кыргыз тилчи мугалимдери Черикчиева Г., Алманбетова Н., Калыбаева А. студенттер менен биргеликте  уюштурушту.


Фото сюжет

НОВОСТИ