17-сентябрда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева окуу жайдын жетекчилик курамы менен Баткендеги мекендештерге ар тараптуу жардам көрсөтүү маселеси боюнча чукул жыйын өткөрдү.
Жыйынтыгында окуу жайдан 5 психолог жабыркаган элге жардам көрсөтүү максатында бара турган болду. Мындан сырткары курам жетекчилери бир күндүк эмгек акысын которууга жана муктаждык болсо кан берүүгө даяр экендигин билдиришти.
Учурда университеттин профсоюз уюмунун, курам жетекчилери жана ректордун жеке жардамы менен 100 даана жылуу жууркан боордошторубузга жөнөтүлдү.
Баткен баарыбыздын жүрөгүбүздө!


Фото сюжет

НОВОСТИ