Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт!
Мындан туура 33 жыл мурда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү кабыл алынган.
Эне тилибиздин "мамлекеттик тил“ деп жарыяланышы элибиздин чоң жетишкендиктеринин бири болгон.
Акыркы жылдары коомубузда мамлекеттик тилге кызыгуу артып, бала бакчаларда, мектептерде, мамлекеттик органдарда кыргыз тили кеңири колдонулуп, эне тилибиз адеп-ахлактын, билимдин тилине айланды.
Кыргыз мектептерде окуп, кыргызча билим алгандар көбөйдү. Кыргызстанда убактылуу жашап жана иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар жана ыктыярчылар кыргыз тилин үйрөнүшүүдө. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү талабын койду.
Тилибиздин өнүгүп, өсүүсү үчүн Кыргызстанда жашап жаткан ар бир жаран жоопкер! Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов айткандай, „Тил — улуттун автопортрети менен бейнеси“. Ошондуктан биз мамлекеттик тилибизге болгон камкордугубуз аркылуу мамлекетке болгон мамилебизди билдиребиз.
Мамлекеттик тилибиз биримдике, алга карай өсүп-өнүгүүгө себепкер болсун!
Тилдин кооздугу, сөздүн тууралыгы жана эне тилдин баарына жеткиликтүүлүгү үчүн чогуу күрөшөлү!
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева.

НОВОСТИ