Бугун мамлекеттик тил майрамынын мамлекеттик тил макамын алганына 33жыл толду. Педагогика факультетинин мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасы "Мамлекеттик тил -маданияттын очогу" аттуу салтанаттуу иш-чара уюштурду. И.Арабаев атындагы КМУнун жаштар иштери боюнча төрагасы А.Айдаров, факультеттин деканы М.Б.Онолбаев жана кафедра башчылары сөз сүйлөп, студенттерди мамлекеттик тил күнү менен куттукташты.
Салтанаттуу иш-чараны уюштурган кафедра башчысынын милдетин аткаруучу Н.Э.Абдраевага ыраазычылык билдиришти. Активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык каттар факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары М.Р.Нуркулова тарабынан тапшырылды.
Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы А.Айдаров иш-чара Жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгиледи жана окутуучуларга, студенттерге ийгилик каалады.


Фото сюжет

НОВОСТИ