И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билимдер факультетинин жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын президенти Мухаммад Мады теология кафедрасына компьютердик жабдууларды тапшырды. (10 ноутбук,1 сенсордук такта, 1 проектор.)

Университетинин жалпы жамаатынын атынан Гуманитардык билимдер факультетинин деканы жана теология кафедрасынын башчысы үзүрлүү кызматташтыгы жана теология кафедрасына экинчи ирет компьютердик жабдууларды алып бергендиги үчүн ыраазычылык айтып, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жалпы жамаатына жана элибизге бейпил турмуш,бакубат жашоо менен бирге мындан ары өнөктөштүк мамиледеги иштерде ийгиликтердин көп болушуна тилектештигин билдиришти.


Фото сюжет

НОВОСТИ