26-сентябрь күнү Гуманитардык билимдер факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата "Кыргыз тили-кенч" аттуу студенттер арасында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Оюнга төмөндөгү командалар катышты:

"Мурас" - орус тили жана адабият;

"Көк асаба" - мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты;

"Биримдик" - теология;

"Ак шумкар" - салык жана салык салуу багыты;

"Санжыра" -психология.

Таймашка төмөндөгү тематикалар камтылды:

1. Саламдашуу;

2. Кыргыз тилге байланыштуу 10 суроодон турган тест;

3."Сыр сандык". Көөнө сөздөрдү чечмелөө;

4. "Сыр сандык". Кыргыз элинин улуттук оюндардын эрежесин чечмелөө.

Ошондой эле тематикалык дубал газеталар  боюнча жана көркөм окуу боюнча сынак уюштурулду.

Калыстар тобу чыгарган жыйынтык менен жеңүүчүлөр  диплом, грамоталар  менен сыйланышты.


Фото сюжет

НОВОСТИ