6-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинде Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “Ала-Тоонун алп агартуучусу” аттуу маданий иш чара өткөрүлдү. Иш чарага университеттин окутуучулары, студенттер, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер катышышты. Келген конокторго театрлаштырылган сцена, манас айтуу жана ыр-бийлер тартууланды. Маданий иш чарага активдүү катышкан студенттер грамоталар менен сыйланышты.


Фото сюжет

НОВОСТИ