Заседание 17 - 10 января 2020 года - защита докторской диссертации Акматова Кыялбека Камутовича Главная

2020-01-10 в 14:00:00

2020-жылдын 10-январында саат 14.00дө И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КБАнын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.18.580 Диссертациялык кеңеши Акматов Кыялбек Камутовичтин “Орто мектепте акын-жазуучулардын өмүр баянын чыгармалары менен биримдикте окутуунун илимий-методикалык негиздери” аттуу темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат.

         Илимий кеңешчи: Муратов Абдыкерим Жаркынбаевич, педагогика илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессору.

         Расмий оппоненттер: Батаканова Светлана Топчуевна, педагогика илимдеринин доктору, профессор, К.И.Скрябин атындагы улуттук агрардык университетинин проректору;

         Сманов Бахтияр Урисбаевич, Казакстан Республикасынын УИАнын академиги, педагогика илимдеринин доктору, Абай атындагы Казак улуттук университетинин профессору;

         Орозова Гүлбара Жалаловна, филология илимдеринин доктору, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери.

         Жетектөөчү мекеме: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы, педагогика жана психология кафедралары.

         Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т.Саманчин көчөсү, 10а.

         Диссертация менен И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын илимий китепканаларынан жана http:arabaev.kg/do.kg сайтынан таанышууга болот.

ZOOM WEBINAR 8501999051