Заседание № 10 - 30 июня 2021 года Защита диссертаций Омуровой А.М. и Нажимиждиновой А.Э. Главная

2021-06-30 в 13:00:00

2021-жылдын 30-июнунда саат 13.00дө   И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.20.623 диссертациялык кеңеши  Омурова Айна Молдогазиевнанын  “Дене тарбия багытындагы студенттердин кеп ишмердүүлүгүн өстүрүүнүн методикасы”  аттуу темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз тили) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат.

Илимий жетекчи:  Мусаева Венера Инятовна, педагогика илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетиндеги башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын  профессору.

Расмий оппоненттер: Чыманов Жеңишбек Арипович, педагогика илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин  филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын профессору.

Исираилова Акдана Маматалиевна, педагогика илимдеринин кандидаты, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз тили кафедрасынын доценти.

Жетектөөчү мекеме: С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы.

2021-жылдын 30-июнунда саат 13.00дө   корголот.

Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т.Саманчин көчөсү, 10а.

Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын  илимий китепканаларынан жана    http:arabaev.kg/do.kg  сайтынан таанышууга болот.

Диссертациянын коргоосунун онлайн трансляциялоонун кирүү коду: https://vc.vak.kg/b/d13-twl-1v3-x7g

2

2021-жылдын 30-июнунда саат 15.30да   И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.20.623 диссертациялык кеңеши  Нажимидинова Асылкан Элчиевнанын  “ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринде балдар фольклору аркылуу студенттердин этнопедагогикалык компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун илимий-методикалык негиздери”  аттуу темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат.

Илимий жетекчиРысбаев Сулайман Казыбаевич, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын башкы илимий кызматкери.

Расмий оппоненттер: Акматов Кыялбек Камутович, педагогика илимдеринин доктору, профессордун м.а., Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борборунун директору.

Абдырасулова Элмира Кыдырмаевна, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кыргыз тили кафедрасынан башчысы.

Жетектөөчү мекеме: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы, педагогика жана психология кафедралары.

2021-жылдын 30-июнунда саат 15.30да   корголот.

Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т.Саманчин көчөсү, 10а.

Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын  илимий китепканаларынан жана    http:arabaev.kg/do.kg  сайтынан таанышууга болот.

Диссертациянын коргоосунун онлайн трансляциялоонун кирүү коду: https://vc.vak.kg/b/d13-twl-1v3-x7g

 

 

 

Диссертациялык кеңештин төрагасы,

педагогика илимдеринин доктору,

профессор                                                                                    Батаканова С.Т.