Заседание № 14 - 26 ноября 2021 года Защита кандидатской диссертации Асанбековой Н. и Маатазимовой Г. Главная

2021-11-26 в 13:00:00

2021-жылдын 26-ноябрында саат 13.00дө  И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.20.623 Диссертациялык кеңеши  Асанбекова Нурзат Асанбековнанын «Жогорку класстарда кыргыз тилин окутуунун этнопедагогикалык негиздери» аттуу темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз тили) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат.

Илимий жетекчи: Чыманов Жеңишбек Арыпович, педагогика илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасы, профессору.

         Расмий оппоненттер: Рысбаев Сулайман Казыбаевич, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын башкы илимий кызматкери

         Исираилова Акдана Маматалиевна, педагогика илимдеринин кандидаты, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз тили кафедрасынын доценти

          Жетектөөчү мекеме:  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы, педагогика жана психология кафедралары

 Диссертация 2021-жылдын 26-ноябрында саат 13.00дө корголот.

 Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т.Саманчин көчөсү, 10а.

         Диссертация менен И.Арабаев атындагы КМУнун,  Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын илимий китеп каналарынан жана http:arabaev.kg/do.kg сайтынын таанышууга болот.

Диссертациянын коргоосунун онлайн трансляциялоонун кирүү коду: https://vc.vak.kg/b/d13-oyf-pc2-yyg

2

2021-жылдын 26-ноябрында саат 15.30да И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.20.623 Диссертациялык кеңеши  Маатазимова Гулзат Эрмаматовнанын “Башталгыч класстарда балдар жазуучуларынын чыгармаларын этнопедагогикалык негизде үйрөтүүнүн методикасы”аттуу темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат.

Илимий жетекчи: Ишекеев Назаркул Ишекеевич, педагогика илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасы, профессор.

         Расмий оппоненттер: Рысбаев Сулайман Казыбаевич, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын көп тилдүү билим берүү жана адабият лабораториясынын башкы илимий кызматкери.

         Саттарова Азиза Тешебаевна, педагогика илимдеринин доктору, доцент, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы.

          Жетектөөчү мекеме: Ош мамлекеттик университетинин  филологиялык билим берүү жана кыргыз адабияты кафедралары.

Диссертация 2021-жылдын 26-ноябрында саат 15.30да корголот.

 Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т.Саманчин көчөсү, 10а.

         Диссертация менен И.Арабаев атындагы КМУнун,  Ж.Баласагын атындагы
КУУнун жана КББАнын илимий китепканаларынан жана http:arabaev.kg/do.kg сайтынан таанышууга болот.

Диссертациянын коргоосунун онлайн трансляциялоонун кирүү коду: https://vc.vak.kg/b/d13-oyf-pc2-yyg