Заседание № 16 - Защита докторской диссертации Жолдошевой А.О. Главная

2024-04-12 в 13:00:00

2024-жылдын 12- апрелинде саат 13.00дө И. Арабаев атындагы КМУнун жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Д13.23.673 диссертациялык кеңешинде Жолдошева Акчач Олмасовнанын «Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук: психологиялык өзгөчөлүктөр жана аны профилактикалоонун психологиялык-педагогикалык жолдору»деген темадагы 19.00.01- жалпы психология, инсан психологиясы, психологиянын тарыхы жана 19.00.07 - педагогикалык психология адистиги боюнча психология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат. Дареги: 720023,  Бишкек  шаары, Т. Саманчин көчөсү, 10 А.

        Илимий консультанты: Шакеева Чинара Асановна,  психология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын ректору.                                    

        Расмий оппоненттер:

       1. Бердибаева Света Кыдырбековна -психология илимдеринин доктору, Казакстан Республикасындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору.

         2. Орозалиев Эрик Садыкович -  философия илимдеринин доктору, профессору, К.Карасаева атындагы Бишкек мамлекеттик университеттин социалдык иштер жана практикалык психология кафедрасынын башчысы.

         3. Абдрасулов Абдраим Расулович - психология илимдеринин доктору, Өзбекстан Республикасынын Жиззак мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору. 

Жетектөөчү мекеме: Өзбекстан Республикасындагы Фергана мамлекеттик университетинин психология кафедрасы. Дареги: 150100,Өзбекстан Республикасы, Фергана шаары, Мурабийллар көчөсү, 19.                                                             

Диссертация менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 51А) жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 547) китепканаларынан жана https://vak.kg/ сайтынан таанышууга болот.

Диссертацияны коргоонун жүрүшүн онлайн трансляциялоонун идентификациялык коду: https://vc.vak.kg/b/d13-%20oyf-pc2-yyg

2

Предзащита Байиевой А.

Диссертациялык кеңештин

төрагасы, п.и.д., профессор:                                                     А. Ж. Муратов