Кандидаттык диссертацияны коргоо Главная

2022-06-10 в 13:00:00

2022-жылдын 10-июнунда саат 13.00 дө720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.20.618 диссертациялык кеңештин жыйынында Былыкова Махабат Максатовнанын “Окутуунун интерактивдүү методдорун пайдалануу менен студенттердин таанып-билүү активдүүлүгүн өнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары”аттуу темада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Бабаев Доолотбай Бабаевич.

Расмий оппоненттер:педагогика илимдеринин доктору, доцент Зулуев Бекмырза Бекболотович; педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Шамбеталиев Канат Ыбыкеевич.

Жетектөөчү мекеме: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасы.

Диссертация менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын Илимий китепканаларынан таанышууга болот. Дареги: 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 жана дискеңештин сайтынан таанышууга болот (www. arabaev. kg).

 

2022-жылдын 10-июнунда саат 16.00 дө720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.20.618 диссертациялык кеңештин жыйынында Машанова Айнур Сапарбаевнанын “Экономикалык адистиктеги студенттердин билим сапатын жогорулатууда окутуунун жаңы технологияларын колдонуунун педагогикалык шарттары”аттуу темада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовна.

Расмий оппоненттер:педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбүбү Асаналиевна; педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Эрдолатов Санжар Сайпидинович.

Жетектөөчү мекеме: К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин педагогика жана психология кафедрасы.

Диссертация менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын Илимий китепканаларынан таанышууга болот. Дареги: 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 жана дискеңештин сайтынан таанышууга болот (www. arabaev. kg).

 

Код видео конференции: https://vc.vak.kg/b/132-3bn-fgw-pkn.

 

Диссертациялык кеңештин төрайымы,

педагогика илимеринин доктору, профессор                      Калдыбаева А.Т.