Докторлук диссертацияны коргоо Главная

2020-01-24 в 14:00:00

2020-жылдын 24-январында саат 14.00 дө720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин жыйынында Сманбаев Өрнөкбек Амановичтин “Окуучуларга айыл-чарба кесиптерине багыт берүүнүн теориясы жана практикасы”(айыл мектебинин мисалында)аттуу темада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

Илимий кеңешчи: педагогика илимдеринин доктору, профессорМамытов Абакир Мамытович.

Расмий оппоненттер:педагогика илимдеринин доктору, профессор Бабаев Дөөлөтбай Бабаевич; педагогика илимдеринин доктору, профессор Мааткеримов Нурсапар Оролбекович, педагогика илимдеринин доктору, профессор Асаналиев Мелис Казыкеевич.

Жетектөөчү мекеме: С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана окутуунун технологиясы кафедрасы.

Диссертация менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын Илимий китепканаларынан таанышууга болот. Дареги: 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 жана дискеңештин сайтынан таанышууга болот (www. arabaev. kg).