И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун №19 токтом Главная

2019-03-22

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун

№19 токтому

 

22.03.2019-ж.

Катышкандар: 11 диссертациялык кеңештин мүчөлөрү (келүү барагы тиркелет).

Күн тартиби:

 

  1. Муратова Айнура Муратовнанын “Мектепке чейинки педагогдордун улуттук музыкага кызыгуусун калыптандыруунун педагогикалык шарттары” аттуутемадагы кандидаттык диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча ачык коргоо(Илимий жетекчи: п.и.к., доц. Орусбаева Т.А.).

 

Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:

  1. Ачык коргоонун, талкуулоонун, диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыктарынын негизинде Муратова Айнура Муратовнанын “Мектепке чейинки педагогдордун улуттук музыкага кызыгуусун калыптандыруунун педагогикалык шарттары”аттуу темадагы диссертациясы Кыргыз Республикасынын “Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобонун” 10 пунктуна ылайык кандидаттык диссертацияга коюлган талаптарга жооп берет деп эсептелинсин.
  2. Муратова Айнура Муратовнанынкандидаттык диссертациялык иши боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча уюшулган Д 13.15.522 диссертациялык кеңешинин бүтүмү бекитилсин.
  3. Муратова Айнура Муратовнага13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын ыйгарууну Кыргыз Республикасынын ЖАКына сунушталат.

 

2. Кашматова Жамиля Ашировнанын “Башталгыч класстын болочок мугалимдеринин ден соолугун чыңдоо боюнча ишмердүүлүгүн калыптандыруу” аттуутемадагы кандидаттык диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча ачык коргоо(Илимий жетекчи: п.и.д., проф. Анаркулов Х.Ф.).

 

Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:

  1. Ачык коргоонун, талкуулоонун, диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыктарынын негизинде Кашматова Жамиля Ашировнанын “Башталгыч класстын болочок мугалимдеринин ден соолугун чыңдоо боюнча ишмердүүлүгүн калыптандыруу”аттуу темадагы диссертациясы Кыргыз Республикасынын “Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобонун” 10 пунктуна ылайык кандидаттык диссертацияга коюлган талаптарга жооп берет деп эсептелинсин.
  2. Кашматова Жамиля Ашировнанынкандидаттык диссертациялык иши боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча уюшулган Д 13.15.522 диссертациялык кеңешинин бүтүмү бекитилсин.
  3. Кашматова Жамиля Ашировнанын13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын ыйгарууну Кыргыз Республикасынын ЖАКына сунушталат.

 

3. Ар кандай маселелер. Диссертацияларды коргоого сунуштоо

1). Угулду: Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Сманбаев Өрнөкбек Амановичтин “Окуучуларга айыл-чарба кесиптерине багыт берүүнүн теориясы жана практикасы” (айыл мектебинин мисалында) аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча эксперттик (эксперттер: п.и.д., проф. Асипова Н.А., п.и.д., проф. Алимбеков А., п.и.д., проф. Субанова М.С.) бүтүмүн кабыл алуу жөнүндөгү маалыматы.

Диссертациялык кеңеш эксперттердин бүтүмүн угуп, талкуулагандан кийин төмөнкүдөй токтом кабыл алды:

      а)аталган темадагы диссертациялык иш боюнча эксперттик комиссиянын бүтүмү бекитилсин;

      б)Сманбаев Өрнөкбек Амановичтин диссертациялык иши алдын-ала коргоого сунушталсын.

2). Угулду: Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Абдыбекова Нурмира Абдыбековнанын “Англис тили сабагында дене-тарбия багытындагы студенттердин кеп ишмердүүлүгүн калыптандыруунун педагогикалык шарттары” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча эксперттик комиссиянын (эксперттер: п.и.д., проф. Асипова Н.А., п.и.д., проф. Алимбеков А., п.и.к., проф. Джанузаков К.Ч.)бүтүмүн кабыл алуу жөнүндөгү маалыматы.

Диссертациялык кеңеш эксперттердин бүтүмүн угуп, талкуулагандан кийин төмөнкүдөй токтом кабыл алды:

      а)аталган темадагы диссертациялык иш боюнча эксперттик комиссиянын бүтүмү бекитилсин;

      б)Абдыбекова Нурмира Абдыбековнанындиссертациялык иши алдын-ала коргоого сунушталсын.

 

 

Диссертациялык кеңештин төрагасы,

педагогика илимдеринин доктору, профессор                      Мамытов А.М.

 

Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы,

педагогика илимеринин доктору, профессор                      Калдыбаева А.Т.