И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун №24 токтом Главная

2019-06-14

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун

№24 токтому

14.06.2019-ж.

Катышкандар: 10 диссертациялык кеңештин мүчөлөрү (келүү барагы тиркелет).

Күн тартиби:

  1. Шамканова Гульмира Джылкычиевнанын “Мектепке чейинки балдардын кеп маданиятын дене тарбия көнүгүүлөрү аркылуу өстүрүүнүн педагогикалык шарттары” (3-5 жаштын мисалында) аттуутемадагы кандидаттык диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча алдын-ала коргоо(Илимий жетекчи: п.и.д., проф. Анаркулов Х.Ф.).

Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:

  1. Педагогика илимдери боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясыныналдындагыдокторлук (кандидиттык) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңешинин Шамканова Гульмира Джылкычиевнанынкандидаттык диссертациясы боюнча бүтүмү бекитилсин.
  2. Шамканова Гульмира Джылкычиевнага 13.00.01 –жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн коргоого кабыл алынсын.
  3. Расмий оппоненттер катары п.и.к., профессор Джанузаков К.Ч., п.и.к., доцент Тентимишева А.Н. дайындалсын;
  4. Жетектөөчү мекеме катары Ош мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасы бекитилсин.
  5. Шамканова Гульмира Джылкычиевнанындиссертациясынын авторефератын чыгарууга уруксат берилсин.

2. Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевичтин “Орто мектептин окуучуларына алгачкы химиялык, физикалык түшүнүктөрдү маалыматтык технологиялардын негизинде окутуунун методикасы”аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы, 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) адистиктери боюнча алдын-ала коргоо(Илимий жетекчилер: п.и.д., проф. Сияев Т.М., х.и.к., проф. Сагындыков Ж.С.).

Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:

  1. Педагогика илимдери боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясыныналдындагыдокторлук (кандидиттык) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңешинин Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевичтинкандидаттык диссертациясы боюнча бүтүмү бекитилсин.
  2. Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевичтин13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы, 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) адистиктери боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн коргоого кабыл алынсын.
  3. Расмий оппоненттер катары п.и.к., проф. м.а. Кособаева Б.М., п.и.к., доцент Дөөлаталиева А. дайындалсын;
  4. Жетектөөчү мекеме катары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана психология, химия кафедралары бекитилсин;
  5. Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевичтиндиссертациясынын авторефератын чыгарууга уруксат берилсин.

 

  1. Ар кандай маселелер. Диссертацияларды коргоого сунуштоо

1). Угулду: Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Табалдиева Чынара Бейшенкариевнанын “Негизги мектепте Кыргыз Республикасынын географиясын окутууда окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандыруу” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча эксперттик комиссиянын (эксперттер: п.и.д., профессор Каниметов Ж.К., п.и.д., профессор Чоров М.Ж., п.и.к., доцент Иманалиев Т.Т.)бүтүмүн кабыл алуу жөнүндөгү маалыматы.

Диссертациялык кеңеш эксперттердин бүтүмүн угуп, талкуулагандан кийин төмөнкүдөй токтом кабыл алды:

      а)аталган темадагы диссертациялык иш боюнча эксперттик комиссиянын бүтүмү бекитилсин;

      б)Табалдиева Чынара Бейшенкариевнанын диссертациялык иши алдын-ала коргоого сунушталсын.

        3.2. Диссертациялык кеңешке илимий даражаларды берүүнүн жобосуна ылайык изденүүчүнүн документтерин кабыл алуу.

1). Угулду: Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Шамырканова Надира Бейшенбековнанын “Башталгыч класстын окуучуларынын өз алдынча иштөөсүн уюштуруунун педагогикалык шарттары” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча маалыматы (Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Калдыбаева А.Т.).

Диссертациялык кеңеш талкуулагандан кийин төмөнкүдөй токтом кабыл алды:

1. Шамырканова Надира Бейшенбековнанын “Башталгыч класстын окуучуларынын өз алдынча иштөөсүн уюштуруунун педагогикалык шарттары” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн документтери диссертациялык кеңешке кабыл алынсын.

2. Эксперттик комиссияны бекитүү (эксперттер: п.и.д., профессор Алимбеков А., п.и.д., профессор Дюшеева Н.К., п.и.к., доцент Иманалиев Т.Т.).

 

 

 

Диссертациялык кеңештин төрагасы,

педагогика илимеринин доктору, профессор                      Мамытов А.М.

 

Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы,

педагогика илимдеринин доктору, профессор                      Калдыбаева А.Т.