Диссертациялык кеңештин 2019-жыл учун отчету Главная

2020-01-13

Д 10.19.594 ДИССЕРТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН 2019-ЖЫЛДАГЫ ИШИ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТУ

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 диссертациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2019-жылдын 10-июнундагы №33 буйругу менен бекитилген.

Диссертациялык кеңеш төмөнкү адистиктер боюнча докторлук жана кандидаттык диссертациялардын коргоосун өткөрүүгө укуктуу:

  10.02.01 – кыргыз тили

   10.02.06 – түрк тилдери

            10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими

Төмөнкү адистик боюнча кандидаттык диссертациялардын коргоосун өткөрүүгө укуктуу:

10.02.19 – тилдин теориясы

 

1. 2019-жылы өткөрүлгөн жыйындын саны – 7.

2. Жыйындардын жарымынын азына катышкан кеңештин мүчөлөрү - жок.

3. Отчеттук жыл ичинде кеңеште каралган диссертациялардын кыскача анализи

           3.1. Каралган иштердин тематикасынын анализи:

 

Кандидаттык диссертациялар:

1. Шерова Атыргүл Каарбаевнанын 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган «Манас” эпосунун фоностатистикасы» деген темадагы диссертациясы.

Жалпы тилтаанымда жаңыча ыргак менен изилдене баштаган лингвистиканын аспектилери түркология үчүн да олуттуу экендиги шексиз. Ошол эле маалда бул аспектилерди изилдөөдө тилдин түпкүрүндө катылган, кепте байкалбаган, демейки лингвистикалык ыкмалар аркылуу тикелей талдап териштирилбеген купуякубулуштар арбын экени анык. Мындай зор көлөмдөгү тилдик фактыларды иликтөөдө статистикалык ыкмалардын зарылдыгы өзгөчө.

Тектеш түрк тилдеринин фоностатистикасын изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу максатында тилдик системанын бирдиги сөздүктөгү сөз, ал эми система жараткан текстин бирдиги сөз формасы деген жобого таянуу менен жалпы көлөмү 598956 сөз колдонуштагы «Манас» эпосунун Сагымбай менен Саякбай нускалары жана көлөмү 750904 сөз колдонуштагы Жусуп Мамай нускасы тандалып алынып, компьютер аркылуу сөз формаларынын жыштык сөздүктөрү түзүлгөн.

Тексттин фоностатистикасы 4 281 369 тыбыштык корпустун негизинде, сөздүктүн фоностатистикасы 115 000 тыбыштык корпустун негизинде жүргүзүлдү. Атап айтканда, тексттеги жана сөздүктөгү тыбыштардын жалпы статистикасы, андан соң үндүү жана үнсүз тыбыштардын сөз башында, сөз ортосунда жана сөз соңунда колдонуу жыштыгы менен үлүшү ажыратуу белгилердин деңгээлинде фоностатистикалык иликтен өткөрүлгөн. Иликтөөгө алынган статистикалык даректер тыбыштардын функционалдык күчүн аныктоого жана артикулятордук базасын тастыктоого өбөлгө түзөт. Бул жагынан тыбыштардын тексттеги жана сөздүктөгү колдонушуна фоностатистикалык илик жүргүзүү кыргыз тили үчүн да, калган бардык түрк тилдери үчүн да актуалдуу экендиги талашсыз.

2. Тургунбаева Сеил Женишбековнанын10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган «Тексттеги синтаксистик параллелизм» деген темадагы диссертациясы.

Диссертациялыктеманын актуалдуулугун: 1) синтаксистик-логикалык жана когнитивдик пропозициянын кыргыз синтаксисинде ар тараптан толук иликтенбегендиги, анын менталдык-грамматикалык моделдештирүүгө болгон катышынын каралбагандыгы; 2) синтаксистик параллелдүүлүктүн сүйлөм ичиндеги, сүйлөм аралык, текст аралык түрлөрүнүн жана касиеттеринин аныкталбагандыгы; 3) сүйлөмдөгү когнитивдик-логикалык бирдейлик менен жакындыктын тил ичиндеги, тилдер аралык бөтөнчөлүктөрүнүн атайын изилденбегендиги; 4) этнос аралык түзүмү-мааниси боюнча бирдей, окшош же жандаш пикирлердин провербиалдык каражаттарда берилишинин ар тараптан талданбагандыгы; 5)кайталоо фигурасынын синтаксистик паралелдүүлүктү түзүүчү зарыл лингвостилистикалык каражат экендигинин лингвокогнитивдик өңүттө атайын сыпатталбагандыгы түзөт.

 

3.2. Каралган иштердин илимий жыйынтыктарын пайдалануунун деңгээлине анализ

Кандидаттык диссертациялар:

1. Шерова Атыргүл Каарбаевнанын 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Манас” эпосунун фоностатистикасы” деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

2. Тургунбаева Сеил Женишбековнанын10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган «Тексттеги синтаксистик параллелизм» деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

            

 

 

4. Илимдин докторунун окумуштуулук даражасын изденүүгө каралган диссертациялар жөнүндө маалыматтар

 

 

Иштердин мүнөздөмөсү

Адистиктин шифры

Илимдин тармагы

10.02.01- кыргыз тили

Илимдин тармагы

10.02.06 – түрк тилдери

Илимдин тармагы

10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими

Изденүүчүнүн арызы боюнча кароодон алынып салынган иштер

-

-

-

Коргоонун жыйынтыгы боюнча оң чечим менен

-

-

-

Кошумча корутундулар берилген

-

-

-

Анын ичинде башка уюмдардан

-

-

-

2020-жылдын январына карата кароодо жатат

-

-

-

 

5. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденүүгө каралган диссертациялар жөнүндө маалыматтар

 

Иштердин мүнөздөмөсү

Адистиктин шифры

Илимдин тармагы

10.02.01- кыргыз тили

Илимдин тармагы

10.02.06 – түрк тилдери

Илимдин тармагы

10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими

Илимдин тармагы

10.02.19 – тилдин теориясы

Изденүүчүнүн арызы боюнча кароодон алынып салынган иштер

-

-

-

-

Коргоонун жыйынтыгы боюнча оң чечим менен

1

-

-

1

Кошумча корутундулар берилген

-

-

-

-

Анын ичинде башка уюмдардан

-

-

-

-

2020-жылдын январына карата кароодо жатат

2

1

1

-

 

VI.Адистиктердин кошулушунда аткарылган диссертациялар жок.

 

 

 

 

Диссертациялык кеңештин төрагасы
филологияилимдеринин доктору, профессор                                     Мусаев С.Ж.

 

 

 

Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы,

филологияилимдеринин кандидаты, доцент                                        Каратаева С.К.