Диссертациялык кеңештин 2019-2021-жж. учун отчету Главная

2021-09-08

Д 10.19.594 ДИССЕРТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН 2019-2021-ЖЖ. АРАЛЫГЫНДАГЫ АТКАРГАН ИШИ ЖӨНҮНДӨГҮ ОТЧЕТУ

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 диссертациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2019-жылдын 10-июнундагы №33 буйругу менен бекитилген.

Диссертациялык кеңеш төмөнкү адистиктер боюнча докторлук жана кандидаттык диссертациялардын коргоосун өткөрүүгө укуктуу:

  10.02.01 – кыргыз тили

            10.02.06 – түрк тилдери

            10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими

Төмөнкү адистик боюнча кандидаттык диссертациялардын коргоосун өткөрүүгө укуктуу:

10.02.19 – тилдин теориясы

 

1. 2019-2021-жж. аралыгында өткөрүлгөн жыйындын саны – 27.

2. Жыйындардын жарымынын азына катышкан кеңештин мүчөлөрү - жок.

3. Отчеттук жыл ичинде кеңеште каралган диссертациялардын кыскача анализи

           3.1. Каралган иштердин тематикасынын анализи:

Докторлук диссертациялар:

  1. Алишова Махабат Култаевнанын 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Англис жана кыргыз тилдеринде дүйнөнүн тилдик сүрөтүн салыштырып изилдөө (көркөм, стилистикалык тилдик каражаттардын негизинде)” деген темадагы диссертациясы.

Азыркы тил илиминде дүйнөнүн тилдик сүрөтү эки  өңүттөн каралып жүрөт. Биринчи өңүттө дүйнөнүн тилдик сүрөтү   аӊ-сезим менен  чындыктын карым-катышынын контекстинде караса, экинчи көз карашка ылайык, тил менен маданияттын  ажырагыс биримдигине байланыштуу изилдөөгө алынат. Ой жүгүртүүнүн жана тилдик структуранын алгачкы схемасын камтыган фольклордук чыгармалардагы дүйнөнүн тилдик сүрөтү өзүнчө илимий  изилдөөнү талап кылат. Андыктан англис жана кыргыз тилдериндеги дүйнөнүн тилдик сүрөтүн элдик оозеки чыгармачылыктын уникалдуу үлгүсү болгон “Манас” эпосунун түп нускасы жана анын англис тилиндеги котормосун салыштыруу аркылуу изилдөө зарылдыгы диссертациялык иштин  актуалдуулугун айгинелейт. Тектеш эмес англис жана кыргыз тилдериндеги дүйнөнүн тилдик сүрөтү тил илиминде алгач ирет атайын изилдөөгө алынган. Ошондой эле «Манас» эпосунун жана анын котормосунун негизинде лингвопоэтикалык ыкманын негизинде лингвистикалык, стилистикалык, адабий жана семиотикалык талдоо жүргүзүлүп, түп нуска менен котормонун ортосундагы дал келбестиктер, котормого экстралингвистикалык релеванттуулуктардын тийгизген таасири, тектеш эмес тилдердеги эпикалык жанрды которууда эки башка тилдин табиятынын өзгөчөлүгүнүн изилдениши илимий иштин актуалдуулугун түзөт.

2. Дарбанов Маккамбай Ерматовичтин 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган«Дүйнөнүн когнитивдик-тилдик сүрөтүндөгү «адам» концепти» деген темадагы диссертациясы.

Азыркы кыргыз тили илиминде “Адам” концептин когнитивдик, лингвомаданий, паремиологиялык өңүттө изилдөөгө алган атайын лингвистикалык изилдөөлөр кезикпейт. Диссертациялык изилдөөнүн актуалдуулугун:  1) “Адам” концептине тиешелүү лексиканын кыргыз лингвистикасында атайын иликтенбегендиги; 2) ага тиешелүү жана аны менен байланышкан концепттердин маани-маңызынынталдана электиги; 3) “Адам” концептин репрезентациялоочу каражаттардын түрлөрү, саны, кепте колдонулуу өзгөчөлүктөрү ушул кезге чейин аныкталбай келгендиги; 4) когнитивдик лингвистиканын, лингвомаданият таануунун  идеялары, принциптери, методдору кыргыз тил илиминде ар тараптан бир өңүттө системалаштырылып, сыпатталбагандыгы; 5) кыргыз тилин менталдык аспектиде изилдөөдө когнитивдик-лингвистикалык түшүнүктөрдүн жана  категориялардын (элес, түшүнүк, фрейм, сценарий, схема, гештальт, пропозиция, когнитема ж.б.) кеңири колдонулбагандыгы; 6) «Адам» концептинин чегинде өзөк-жакабел (ядро–периферия), денотация–коннотация, баштапкы–туунду, нейтралдуу–эмоциялуу, объективдүү–субъективдүү, чектүү–аралык ж.б. көрсөткүчтөрдүн милдеттери жана касиеттери каралбагандыгы түзөт.

 

Кандидаттык диссертациялар:

1. Шерова Атыргүл Каарбаевнанын 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган «Манас” эпосунун фоностатистикасы» деген темадагы диссертациясы.

Жалпы тилтаанымда жаңыча ыргак менен изилдене баштаган лингвистиканын аспектилери түркология үчүн да олуттуу экендиги шексиз. Ошол эле маалда бул аспектилерди изилдөөдө тилдин түпкүрүндө катылган, кепте байкалбаган, демейки лингвистикалык ыкмалар аркылуу тикелей талдап териштирилбеген купуякубулуштар арбын экени анык. Мындай зор көлөмдөгү тилдик фактыларды иликтөөдө статистикалык ыкмалардын зарылдыгы өзгөчө.

Тектеш түрк тилдеринин фоностатистикасын изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу максатында тилдик системанын бирдиги сөздүктөгү сөз, ал эми система жараткан текстин бирдиги сөз формасы деген жобого таянуу менен жалпы көлөмү 598956 сөз колдонуштагы «Манас» эпосунун Сагымбай менен Саякбай нускалары жана көлөмү 750904 сөз колдонуштагы Жусуп Мамай нускасы тандалып алынып, компьютер аркылуу сөз формаларынын жыштык сөздүктөрү түзүлгөн.

Тексттин фоностатистикасы 4 281 369 тыбыштык корпустун негизинде, сөздүктүн фоностатистикасы 115 000 тыбыштык корпустун негизинде жүргүзүлдү. Атап айтканда, тексттеги жана сөздүктөгү тыбыштардын жалпы статистикасы, андан соң үндүү жана үнсүз тыбыштардын сөз башында, сөз ортосунда жана сөз соңунда колдонуу жыштыгы менен үлүшү ажыратуу белгилердин деңгээлинде фоностатистикалык иликтен өткөрүлгөн. Иликтөөгө алынган статистикалык даректер тыбыштардын функционалдык күчүн аныктоого жана артикулятордук базасын тастыктоого өбөлгө түзөт. Бул жагынан тыбыштардын тексттеги жана сөздүктөгү колдонушуна фоностатистикалык илик жүргүзүү кыргыз тили үчүн да, калган бардык түрк тилдери үчүн да актуалдуу экендиги талашсыз.

2. Тургунбаева Сеил Женишбековнанын10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган «Тексттеги синтаксистик параллелизм» деген темадагы диссертациясы.

Диссертациялыктеманын актуалдуулугун: 1) синтаксистик-логикалык жана когнитивдик пропозициянын кыргыз синтаксисинде ар тараптан толук иликтенбегендиги, анын менталдык-грамматикалык моделдештирүүгө болгон катышынын каралбагандыгы; 2) синтаксистик параллелдүүлүктүн сүйлөм ичиндеги, сүйлөм аралык, текст аралык түрлөрүнүн жана касиеттеринин аныкталбагандыгы; 3) сүйлөмдөгү когнитивдик-логикалык бирдейлик менен жакындыктын тил ичиндеги, тилдер аралык бөтөнчөлүктөрүнүн атайын изилденбегендиги; 4) этнос аралык түзүмү-мааниси боюнча бирдей, окшош же жандаш пикирлердин провербиалдык каражаттарда берилишинин ар тараптан талданбагандыгы; 5)кайталоо фигурасынын синтаксистик паралелдүүлүктү түзүүчү зарыл лингвостилистикалык каражат экендигинин лингвокогнитивдик өңүттө атайын сыпатталбагандыгы түзөт.

3. Алтаева Динаранын 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Кыргыз тилиндеги жардамчы атоочтор жана алардын лингвистикалык парадигмасы” деген темадагы диссертациясы.

Түркологияда жардамчы атоочтордун семантикалык жактан топторго бөлүнүшү, антонимдик, синонимдик түгөйлөрүнүн болушу, жандоочтор менен жалпылык жана айырмачылык жактары, өзүнчө категория катары каралышы такталган маселелердин катарын толуктаса, ал эми кыргыз тилинде бул маселе атайын илимий-изилдөөнүн предмети катары карала элек. Бул изилдөөдө кыргыз тилиндеги жардамчы атоочторду семантика-грамматикалык жактан топторго бөлүштүрүү менен алардын жандоочтор менен айырмачылык, окшоштук жактарын системалуу түрдө сыпаттап иликтөөгө басым жасалган. Ошону менен бирге жардамчы атоочтордун пайда болушу, өнүгүшү, калыптанышы бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тилинде атайын илимий-изилдөөнүн объектиси боло электиги теманын актуалдуулугун аныктайт.

4. Семиз Кенандын10.02.06 - түрк тилдери адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган  “Кыргызжанатүрк тилиндеги дыйканчылык лексикасынын калыптанышы жана өнүгүшү»деген темадагы диссертациясы.

Дыйканчылык маданиятынын өнүгүшү материалдык жана эс-тутумдук элементтер менен тыгыз байланышып, элдин үрп-адатына, бай фольклоруна, диний ишенимдерине багытталган. Дыйканчылык лексикасы дыйканчылыктын өсүп-өнүгүшүн, калыптанышын таанытуу менен, тилдин тарыхын билүүгө, маданий-тарыхый маселелерди чечүүдө маанилүү орунду ээлейт.

Дыйканчылыкка байланыштуу лексика лингвистикалык өӊүттөн кыргыз жана түрк тил илиминде ушул мезгилге чейин изилдөөнүн объектисине айланбагандыгы жана тектештирме, салыштырма-тарыхый планда иликтенбегендиги, айрымдары ушул кесиптин чөйрөсүндө гана жашап, адабий тилибизде анча белгисиз болуп келген атоолордун семантикасын ачып берүү илимий иштин актуалдуулугу болуп эсептелет.

5. Кыркбаева Гулмайрам Надырбековнанын10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Aдамдын сырткы келбетин сүрөттөгөн лексика-семантикалык топтогу сөздөр жана сөз тизмектери» деген темадагы диссертациясы.

Адамдын сырткы келбетин сүрөттөөгө байланыштуу колдонулган тилдик каражаттар кыргыз тилинин базистик лексикасына киргендигине, активдүү колдонулган тил каражаттары катары эсептелгенине карабастан, бүгүнкү күнгө чейин  тилдик өңүттөн толук изилдене элек. Адамдын сырткы келбетиндеги статикалык белги-өзгөчөлүктөрдөн тышкары, сырткы келбеттеги динамикалык, процессуалдык  өзгөрүүлөрдү туюндурган тил каражаттарын, алардын коммуникативдик потенциалын, тексттик мазмун түзүү мүмкүнчүлүгүн, семантикалык-функционалдык, синтагматикалык табиятын изилдөө өңдүү маселелерге  тактык киргизип, аларды ар кандай өңүттөрдөн кароо менен теориялык жактан негиздөө жана тиешелүү мисалдардын негизинде иллюстрациялоо зарылдыгы диссертациялык иштинактуалдуулугун түзөт.

6. Баялиева Айтбубу Макановнанын10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Национально-культурная  специфика  табу в немецкой и кыргызской лингвокультурах” деген темадагы диссертациясы.

Диссертацияда немец жана кыргыз тилдериндеги жалпы адамдык фактыларда жана материалдарда кезиккен табунун спецификасы каралган. Аны менен бирге гениалдуу психоаналитиктердин жашоо темасы, маданият жана цивилизацияга тиешелүү айткандарына көңүл бурулуп, моралдык, диний жана укуктук нормалардын теорияларына кайрылуу менен немец жана кыргыз лингвомаданияттарындагы жашоо практикасынан мисалдарды келтирилип, эки элдин сезүү образдарын салыштырылып, этномаданияттардын тилинде алардын жашоосу, тарыхы, маданияты, жашоо тиричилиги, көз карашы жана аң-сезими чагылдырылат деген ой ырасталган. Табунуизилдөөгө кайрылуу актуалдуу болуп эсептелет. Ал абдан керектүү мааниге ээ болуп, белгилүү социалдык көрүнүштөргө туура түшүнүк берүүдө өзгөрүүлөрдү чагылдырат жана аны изилдөөнүн жаңы ракурсун, табунун жаңы моралдык-этикалык жана улуттук-маданий спецификасын камтып, жашоонун ар түрдүү чөйрөлөрүндө адамдык максат багыттарынын өзгөрүшүн көрсөтөт.

7. Дмитриева Евгения Викторовнанын 10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Роль русского языка в становлении и развитии медицинской терминологии в Кыргызстане”деген темадагы диссертациясы.

Медициналык терминология лексиканын өзгөчө катмары болуп саналат, ал семантика-структуралык, сөз жасоо жана стилистикалык мүнөздөгү өзгөчөлүктөрүнөн улам жалпыга маалым сөздөрдөн айырмалануу менен тилдин лексикалык системасында өзгөчө орунга ээ. Азыркы тапта медициналык терминдер күндөлүк баарлашууда, адабий тилде, саламаттыкты сактоо тармагында, медициналык ишмердүүлүктө, илимде кенен колдонулуп жатканын белгилей кетүү керек. Ошентсе да, бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тилинде медициналык терминдердин калыптануусу жана учурдагы абалы тууралуу маселелер олуттуу, толук изилдөөнүн предмети болгон эмес. Кыргыз тилиндеги медициналык терминологияны түзүү маселеси мезгилдин да, коомчулуктун да талабы болуп саналат. Лингвистика илими бул олуттуу жана керектүү теманы жаңыдан эле изилдей баштады.

Мамлекеттик тилде илимий терминдик системаны түзүү жана калыптандыруу муктаждыгы кыргыз тилинин өзгөчө подстили катары медициналык терминологиянын терең анализин жана мүнөздөлүшүн талап кылат. Диссертациялык теманын актуалдуулугу дал ушул шарттар менен аныкталат.

8. Тургунбаева Бактыгуль Жээнмырзаевнанын 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистигибоюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Англис жана кыргыз тилдериндеги этиштик сөз айкаштары (кыймыл этиштеринин мисалында)”деген темадагы диссертациясы.

Адамдын сырткы келбетин сүрөттөөгө байланыштуу колдонулган тилдик каражаттар кыргыз тилинин базистик лексикасына киргендигине, активдүү колдонулган тил каражаттары катары эсептелгенине карабастан, бүгүнкү күнгө чейин  тилдик өңүттөн толук изилдене элек. Адамдын сырткы келбетиндеги статикалык белги-өзгөчөлүктөрдөн тышкары, сырткы келбеттеги динамикалык, процессуалдык  өзгөрүүлөрдү туюндурган тил каражаттарын, алардын коммуникативдик потенциалын, тексттик мазмун түзүү мүмкүнчүлүгүн, семантикалык-функционалдык, синтагматикалык табиятын изилдөө өңдүү маселелерге  тактык киргизип, аларды ар кандай өңүттөрдөн кароо менен теориялык жактан негиздөө жана тиешелүү мисалдардын негизинде иллюстрациялоо зарылдыгы диссертациялык иштинактуалдуулугун түзөт.

9. Эрнисова Айгерим Эрнисовнанын 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Прецедентные феномены русского языка в инокультурной среде (на материале русскоязычного дискурса в Кыргызстане)” деген темадагы диссертациясы.

Прецеденттик феномендер – элдин маданиятынын тилдик формаларда чагылдырылган фактылары. Буга байланыштуу, прецеденттик феномендер тилдик башка символдорго салыштырмалуу улуттук “каныккандыктын” жана этностук менталдуулукка байлануунун жогорку даражасы менен айырмаланарын белгилей кетүүгө болот. Прецеденттик феномендер дискурстун стурктурасына кирүү менен, тарыхый-этномаданий семантиканын күчтүү кубатына ээ жана пикир алышуу процессин улуттук-маданий колоритке ээ кылат. Алар интертексттүүлүк каражаттарынын арасында олуттуу орунду ээлешет: анткени аларда ошол этностук коомчулук үчүн жалпы болгон улуттук-маданий коддор камтылган.

Кыргыз жана орус элдеринин узакка созулган тарыхый-маданий байланыштары кыргыздар үчүн изсиз ɵтпөгөндүгүн, анын натыйжасында кыргыздардын кɵбүнүн тилдик аӊ-сезиминде орус тилинин прецеденттик феномендери орун алып, төл маданиятынын феномендери менен бирге дискурста активдүү колдонулуп келе жатканын белгилей кетүүгө болот. Жогорууда белгиленген жагдайлар изилдɵɵнүн темасынын актуалдуулугун шарттайт.

10. Мадаминова Диларам Болотбековнанын10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Концепт традиция в русском и кыргызском языках” деген темадагы диссертациясы.

Белгилүү болгондой, социалдык жана маданий мурастардын элементин, муундан муунга өтүп турган, коомдо жана коомдук топтордо (үй-бүлөлөрдө, кландарда, урууларда, сословиелерде, касталарда, диндерде ж.б.) узак убакыт бою сакталып келген элементтерди салт деп аташат. Салт өзүнө материалдык жана руханий баалуулуктардын объекттерин, коомдук-маданий мурастоонун процессин, мурунку муундан кийинки муунга өткөрүүнүн ыкмаларын жана жолдорун өзүнө камтыйт жана бириктирет. Бул иштин темасынын актуалдуулугу:1) «Традиция/Салт» социомаданий концептинин элдердин социалдык окшоштугун жана биримдигин аңдап-түшүнүүдөгү, алардын жүрүм-турумдарын жана жашоо аракеттерин жөнгө салуу, тартиптештирүү жана жакшы нукка буруудагы маанилүүлүгүндө; 2) бул концепттин жана анын тилдик репрезентанттарынын лингвоэтномаданий, когнитивдик-тилдик жана лингвоконцептологиялык аспекттерде изилденбегендигинде; 3) «Традиция/Салт» концептинин кыргыз жана орус тилдеринде объективтешүү жолдорун салыштырма-типологиялык жактан изилдөө зарылчылыгында; 4) айрыкча кыргыз тилин бөтөн тил катары окутуу максатында концепттин тилдик каражаттарда “кыргыз тилинен - орусчага” багыты боюнча туюнтулушун карап чыгуунун практикалык маанилүүлүгүндө турат.

 

3.2. Каралган иштердин илимий жыйынтыктарын пайдалануунун деңгээлине анализ

Докторлук диссертациялар:

1. Алишова Махабат Култаевнанын 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Англис жана кыргыз тилдеринде дүйнөнүн тилдик сүрөтүн салыштырып изилдөө (көркөм, стилистикалык тилдик каражаттардын негизинде)” деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

2. Дарбанов Маккамбай Ерматовичтин 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган«Дүйнөнүн когнитивдик-тилдик сүрөтүндөгү «адам» концепти» деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

 

Кандидаттык диссертациялар:

1. Шерова Атыргүл Каарбаевнанын 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Манас” эпосунун фоностатистикасы” деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

2. Тургунбаева Сеил Женишбековнанын10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган «Тексттеги синтаксистик параллелизм» деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

3. Алтаева Динаранын 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Кыргыз тилиндеги жардамчы атоочтор жана алардын лингвистикалык парадигмасы” деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

4. Семиз Кенандын10.02.06 - түрк тилдери адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган  “Кыргызжанатүрк тилиндеги дыйканчылык лексикасынын калыптанышы жана өнүгүшү»деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

5. Кыркбаева Гулмайрам Надырбековнанын10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Aдамдын сырткы келбетин сүрөттөгөн лексика-семантикалык топтогу сөздөр жана сөз тизмектери» деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

6. Баялиева Айтбубу Макановнанын10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Национально-культурная  специфика  табу в немецкой и кыргызской лингвокультурах” деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

 7. Дмитриева Евгения Викторовнанын 10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Роль русского языка в становлении и развитии медицинской терминологии в Кыргызстане”деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

8. Тургунбаева Бактыгуль Жээнмырзаевнанын 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистигибоюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Англис жана кыргыз тилдериндеги этиштик сөз айкаштары (кыймыл этиштеринин мисалында)”деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

9. Эрнисова Айгерим Эрнисовнанын 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Прецедентные феномены русского языка в инокультурной среде (на материале русскоязычного дискурса в Кыргызстане)” деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

10. Мадаминова Диларам Болотбековнанын10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган “Концепт традиция в русском и кыргызском языках” деген темадагы диссертациясы кеңири пайдаланууну талап кылат.

 

4. Илимдин докторунун окумуштуулук даражасын изденүүгө каралган диссертациялар жөнүндө маалыматтар

 

 

Иштердин мүнөздөмөсү

Адистиктин шифры

Илимдин тармагы

10.02.01- кыргыз тили

Илимдин тармагы

10.02.06 – түрк тилдери

Илимдин тармагы

10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими

Изденүүчүнүн арызы боюнча кароодон алынып салынган иштер

-

-

-

Коргоонун жыйынтыгы боюнча оң чечим менен

1

-

1

Кошумча корутундулар берилген

-

-

-

Анын ичинде башка уюмдардан

-

-

-

2021-жылдын сентябрына карата кароодо жатат

-

-

-

 

 

5. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденүүгө каралган диссертациялар жөнүндө маалыматтар

 

Иштердин мүнөздөмөсү

Адистиктин шифры

Илимдин тармагы

10.02.01- кыргыз тили

Илимдин тармагы

10.02.06 – түрк тилдери

Илимдин тармагы

10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими

Илимдин тармагы

10.02.19 – тилдин теориясы

Изденүүчүнүн арызы боюнча кароодон алынып салынган иштер

-

-

-

-

Коргоонун жыйынтыгы боюнча оң чечим менен

3

1

4

2

Кошумча корутундулар берилген

-

-

-

-

Анын ичинде башка уюмдардан

-

-

-

-

2021-жылдын сентябрына карата кароодо жатат

3

-

3

1

 

VI.Адистиктердин кошулушунда аткарылган диссертациялар жок.

 

 

 

 

Диссертациялык кеңештин төрагасы
филологияилимдеринин доктору, профессор                                     Мусаев С.Ж.

 

 

 

Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы,

филологияилимдеринин кандидаты, доцент                                        Каратаева С.К.