Диссертациялык кенештин отуруму Главная

2022-04-22 в 14:00:00

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн Д 10.22.644 диссертациялык кеңешинин кезектеги отуруму 2022-жылдын 22-апрелинде саат 14.00дө болот.

Жыйын орду: И.Арабаев ат. КМУнун илимий китепканасы.

Күн тартибиндеги маселелер:

1. Кайымова Парида Мурзакамиловнанын «Салыштыруу  функционалдык-семантикалык алкак катары» аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына эксперттик комиссиянын курамын бекитүү.

2. Ток Невзаттын “Кыргыз жана түрк тилдериндеги кийим-кечек аталыштарынын салыштырма типологиясы (Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын материалдары боюнча)” аттуу 10.02.06 – түрк тилдери адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына эксперттик комиссиянын курамын бекитүү.

3. Жанчарбекова Сабиранын «Кыргыз фольклорундагы соматизмдердин стилистикалык-функционалдык өзгөчөлүктѳрү» аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын алдын ала коргоосу.

4. Асылбекова Чырашкан Айтмурзаевнанын “Лингвосемантические аспекты соматических фразеологизмов в немецком и кыргызском языках”аттуу 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын алдын ала коргоосу.