Диссертациялык кеңештин отуруму Главная

2022-02-11

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.22.644 диссертациялык кеңешинин кезектеги отуруму 2022-жылдын 11-февралында саат 11.00дө болот.

Жыйын орду: И.Арабаев ат. КМУ, №2 корпус, конференц зал

 

Күн тартибиндеги маселелер:

  1. Сабиралиева Замира Маметовнанын “Концепт “юмор” в ментальной семантике языка” аттуу 10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын алдын ала коргоосун белгилөө.

2. Шаршеева Камиля Каныбековнанын «Азыркы кыргыз тилинде кыймыл-аракеттин чактык локалдашуусу жана анын аспектуалдык маанилер менен байланышы» аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын алдын ала коргоосун белгилөө.

3. Сооронкулова Назиранын “Англис тилинен кыргыз тилине кабыл алынган сөздөрдүн фонетикалык өзгөчөлүктөрү” аттуу 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына эксперттик комиссиянын курамын бекитүү.

4. Караева Назира Ормонбековнанын “Кыргыз-корей гидронимикалык типологиясынын лингвистикалык генезиси жана концептуалдык негизи» аттуу 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына эксперттик комиссиянын курамын бекитүү.