Диссертациялык кеңештин отуруму Главная

2019-10-24

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 диссертациялык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрында кезектеги отуруму болду.

Күн тартибиндеги маселелер:

  1. Шерова Атыргүл Каарбаевнанын «Манас” эпосунун фоностатистикасы» аттуу 10.02.01 - кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына бекитилген эксперттик комиссиянын корутунду пикирин угуу.
  2. Тургунбаева Сеил Жеңишбековнанын «Тексттеги синтаксистик параллелизм» аттуу 10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына бекитилген эксперттик комиссиянын корутунду пикирин угуу.

3. Семиз Кенандын “Кыргызжанатүрк тилиндеги дыйканчылык лексикасынын калыптанышы жана өнүгүшү» аттуу 10.02.06 - түрк тилдери адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына эксперттик комиссиянын курамын бекитүү.

4. Алтаева Динаранын “Кыргыз тилиндеги жардамчы атоочтор жана алардын лингвистикалык парадигмасы” аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына эксперттик комиссиянын курамын бекитүү.