Диссертациялык кеңештин отуруму Главная

2022-05-26

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн Д 10.22.644 диссертациялык кеңешинин кезектеги отуруму 2022-жылдын 26-майында (№ 9 токтом) саат 14.00дө болот.

Жыйын орду: И.Арабаев ат. КМУнун илимий китепканасы.

Күн тартибиндеги маселелер:

1. Кайымова Парида Мурзакамиловнанын «Салыштыруу  функционалдык-семантикалык алкак катары» аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын алдын ала коргоосу.

2. Ток Невзаттын “Кыргыз жана түрк тилдериндеги кийим-кечек аталыштарынын салыштырма типологиясы (Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын материалдары боюнча)” аттуу 10.02.06 – түрк тилдери адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын алдын ала коргоосу.

3. Ар түрдүү маселе.

 

24.05.2022-ж