Диссертациялык кеңештин отуруму Главная

2019-11-15

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 диссертациялык кеңешинин 2019-жылдын 15-ноябрында кезектеги кеңешмеси болду.

Күн тартибиндеги маселелер:

  1. Шерова Атыргүл Каарбаевнанын «Манас” эпосунун фоностатистикасы» аттуу 10.02.01 - кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясын алдын ала коргоодон өткөрүү.
  2. Тургунбаева Сеил Жеңишбековнанын «Тексттеги синтаксистик параллелизм» аттуу 10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясын алдын ала коргоодон өткөрүү.