Кандидаттык диссертацияны коргоо Главная
2020-02-26 в 15:30:00
2020-жылдын 26-февралында саат 13.00дө Ж. Баласагын атындагыКыргыз улуттук университетинин жана Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.18.577 диссертациялык кеӊеши Бердибекова Сырга Каныбековнанын «Орто мектептин окуучуларынын мейкиндиктик элестетүүлөрүн калыптандыруу менен электродинамикалык кубулуштарды окутуу методикасы» аттуу темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (физика) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат.
Илимий жетекчиси: Сияев Таштанбек Моңолдорович, педагогика илимдеринин доктору, профессор.
Расмий оппоненттер:Бабаев Доолотбай Бабаевич, педагогика илимдеринин доктору, профессор
Ташходжаев Шухрат Аманович, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент
Жетектөөчү мекеме:И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин физика кафедрасы. (Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти 66)
Диссертация менен И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимий китепканаларынан жана http:arabaev.kg/do.kg сайтынын таанышууга болот.