И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.13.008 диссертациялык кеңешинин 2013-2015-жылдары аткарган иши жөнүнд Главная

2016-11-04

Д 13.13.008 диссертациялык кеңеши И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясына караштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2013-жылдын 4-ноябрындагы№60 буйругу менен бекитилген.

Диссертациялык кеңешке төмөнкү адистиктер боюнча диссертацияларды коргоого кабыл алууга уруксат берилген: 13.00.01 – педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы; 13.00.04 – дене тарбиясынын, спорттук машыгуулардын жана ден соолукту чыңдоочу дене тарбиясынын теориясы жана методикасы.

·                   Отчеттук мезгил ичинде 36 кандидаттык 2 докторлук диссертациялар корголду.

·                   Адистиктердин кошулушунда аткарылган 1 диссертация корголду (Арстанбекова Н.Б. “Химияны окутууда компьютердик технологияларды колдонуунун дидактикалык негиздери”, 13.00.01 – педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы; 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун методикасы (химия).

 

Илимдин докторунун/кандидатынын окумуштуулук даражасын изденүүгө каралган диссертациялар жөнүндө маалыматтар:

 

Изденүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты

Докторлук/

кандидаттык

Адистиги

ЖОЖ жана илимий уюмдар

1

2

3

4

5

2013-жыл

1

Сейитказиев М.Т.

кандидаттык

13.00.04

КМЮА, Дене тарбия, эстетикалык тарбиялоо жана жаштар иштери боюнча борбору

2

Кузнецова С.С.

кандидаттык

13.00.01

Ж.Баласагын атындагы КУУ, жогорку мектептин  педагогикасы кафедрасы

2014-жыл

3

Маковка И.А.

кандидаттык

13.00.01

К. Тыныстанов атындагы ЫМУ, педагогика жана психология кафедрасы

4

Мутлу А.

кандидаттык

13.00.01

К. Тыныстанов атындагы ЫМУ, педагогика жана психология кафедрасы

5

Матикеев Т.К.

кандидаттык

13.00.01

ОшМУ, педагогика кафедрасы

6

Сидорова М.Г.

кандидаттык

13.00.01

КББА, педагогиканын теориясы жана тарыхы лабораториясы

7

Волкотрубова А.В.

кандидаттык

13.00.01

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

8

Ауезова А.Т.

кандидаттык

13.00.01

А.Н. Гумилев атындагы ЕУУ, социалдык педагогика жана өзүн таануучулук кафедрасы

9

Арстанбекова Н.Б.

кандидаттык

13.00.01

13.00.02

ЖАМУ, педагогика жана химия кафедралары

10

Ортаева А.С.

кандидаттык

13.00.01

Х.А. Ясави атындагы ЭКТУ

11

Мамбетакунова Ж.Э.

кандидаттык

13.00.01

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

12

Касымова Г.А.

кандидаттык

13.00.01

С.Нааматов атындагы НМУ, педагогика жана окутуунун техгологиялары кафедрасы

13

Сабырова Э.С.

кандидаттык

13.00.01

К.Карасаев атындагы БГУ, педагогика жана психология кафедрасы

14

Махашова П.М.

кандидаттык

13.00.01

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

15

Есельбаева А.К.

кандидаттык

13.00.04

Казак спорт жана туризм академиясы, дене тарбиянын  теорясы жана методикасы кафедрасы

16

Мирзалиева Э.Б.

кандидаттык

13.00.01

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

17

Шерматова И.

кандидаттык

13.00.01

С.Нааматов атындагы НМУ, педагогика жана окутуунун техгологиялары кафедрасы

18

Ермуратова А.Т.

кандидаттык

13.00.01

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

19

Жолчиева А.А.

кандидаттык

13.00.01

КББА, педагогиканын теориясы жана тарыхы лабораториясы

20

Бейшеналиева У.Y.

кандидаттык

13.00.01

С.Нааматов атындагы НМУ, математика жана информатика, физика жана маалыматтык технологиялар кафедралары

21

Карашева Н.Т.

кандидаттык

13.00.01

Ж.Баласагын атындагы КУУ, жогорку мектептин  педагогикасы кафедрасы

22

Майлыбаева Г.С.

кандидаттык

13.00.01

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

2015-жыл

23

Карасартова Ж.Б.

кандидаттык

13.00.01

К. Тыныстанов атындагы ЫМУ, педагогика жана психология кафедрасы

24

Касымбеков Э.А.

кандидаттык

13.00.01

М. Адышев атындагы ОшТУ,

25

Йылдыз Текин

кандидаттык

13.00.01

К.Карасаев атындагы БГУ, педагогика жана психология кафедрасы

26

Дейдиева Ф.Н.

кандидаттык

13.00.01

ОшМУ, педагогика кафедрасы

27

Джилкишиева М.С.

докторлук

13.00.01

Таразский гос.пед.инс., кафедра педагогики и этнопедагогики

28

Усенгазиева Г.С.

кандидаттык

13.00.01

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

29

Жутанова Г.А.

кандидаттык

13.00.01

ОшМУ, педагогика кафедрасы

30

Асанбекова Дж.Ж.

кандидаттык

13.00.01

ОшМУ, педагогика кафедрасы

31

Иманкулова С.Э.

кандидаттык

13.00.01

 

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

32

Умаров Т.Н.

кандидаттык

13.00.01

ОшМУ, педагогика кафедрасы

33

Макашева О.М.

кандидаттык

13.00.01

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

34

Темирбек у.И.

кандидаттык

13.00.01

И.Арабаев атындагы КМУ, педагогика кафедрасы

35

Турдукеева Р.А.

кандидаттык

13.00.01

К.Карасаев атындагы БГУ, педагогика жана психология кафедрасы

36

Жунусова А.И.

кандидаттык

13.00.01

КМЮА, Дене тарбия, эстетикалык тарбиялоо жана жаштар иштери боюнча борбору

37

Элебесова А.Б.

кандидаттык

13.00.01

КББА,

38

Карабалаева Г. Т.

докторлук

13.00.01

Ж. Баласагын атындагы КУУ, жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы

 

·                   Изденүүчүнүн арызы боюнча кароодон алынып салынган иштер – жок;

·                    Жыйындарга катышпаган кеңештин мүчөсү – жок.

 

Отчеттук мезгил ичинде кеңеште каралган докторлук диссертациялардын кыскача анализи:

М.С. Джилкишиеванын “Казакстандын жогорку окуу жайларынын педагогикалык адистигинде окуган студенттерди атуулдук-патриоттуулукка тарбиялоонун илимий-педагогикалык негиздери ”аттуу темадагы докторлук диссертациясында ата-мекендик жана чет элдик атуулдук менен патриотизмдин тарыхындагы өнүгүү идеясына ретроспекциялоонун негизинде илимий изилдөөлөргө талдоо жүргүзүү жана билим берүү сферасында мамлекеттик документтерди иликтөө менен базалык түшүнүк болгон “патриотизмдин”, “казакстандык патриотизмдин”, “атуулдуктун”, “атуулдук-патриоттук таалим-тарбиянын” маңыздуу мүнөзүн жана карым-катыштары такталган; иштиктүү-аксиологиялык мамиленин негизинде студенттик жаштарды атуулдук-патриоттук тарбиялоодогу бирдиктүү илимий концепция иштелип чыккан; келечектеги сапаттуу адистердин атуулдук-патриоттук калыптануусунун структуралык-мазмундук моделинин долбоору түзүлүп чыккан; жогорку окуу жайлардагы бирдиктүү педагогикалык процесстеги келечек мугалимдердин атуулдук-патриоттуулук аң-сезиминин натыйжалуу калыптанышынын педагогикалык жагдайларынын өзгөчөлүктөрү аныкталган; келечек мугалимдердин атуулдук-патриоттук компетенттүүлүгүн калыптануу технологиясы негизделип, ошону менен бирге эксперименталдык сыдыргыдан өткөрүлүп чыккан; бул процессти методологиялык жактан камсыздоону жакшыртуу боюнча илимий-методикалык сунуштар иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 1 монография, 2 окуу колдонмо жана 60 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий консультант: п.и.д., профессор Салимбаев О.С.

Г.Т. Карабалаеванын «Заманбап шарттарда үй-бүлөлүк жана коомдук тарбия берүүнүн өз ара байланышы»аттуу темадагы докторлук диссертациясында заманбап шартындагы коомдук жана үй-бүлөлүк тарбиянын өз ара байланышынын өзгөчөлүгү жана социалдык-педагогикалык маңызы ачылган; үй-бүлө, мектеп жана коомчулуктун социалдык өнөктөштүгүнө жаңы психологиялык-педагогикалык көз-караштар аныкталган; окуучуларды коомдоштурууда жана тарбиялоодо үй-бүлө, мектеп, ММК жана Интернеттин өз ара аракеттешүүсү педагогикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн негизги социалдык факторлору катары табылган; этнопедагогикалык маданият менен коомдук тарбия берүүнүн заманбап системасынын өз ара байланыштарынын жолдору аныкталган; өспүрүмдөрдү тарбиялоо боюнча үй-бүлө, мектеп жана коомчулуктун социалдык өнөктөштүгү үчүн структуралык-функционалдык модель сунушталган; өспүрүмдөрдү тарбиялоо боюнча үй-бүлө, мектеп жана коомчулуктун эффективдүү социалдык өнөктөштүгүнө педагогикалык шарттарынын жана жолдорунун жыйындысы аныкталган жана экесперименталдык текшерүүдөн өткөрүлдү; үй-бүлөлүк жана коомчулуктун тарбия берүүдө өз ара байланышын турмушка ашыруу үчүн педагогикалык адистиктеги студенттерди даярдоонун мазмуну жана жолдору иштелип чыккан; өсүп келе жаткан муундарды турмушка даярдап мектеп, үй-бүлө жана коомчуулук өз ара аракеттешүүнү жүзөгө ашыруу үчүн илимий-методикалык сунуштар даярдалган.

Изденүүчү тарабынан 1 монография, 4 окуу колдонмо, 1 окуу-методикалык комплекс жана30 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий консультант: п.и.д., профессор Асипова Н.А.

Отчеттук мезгил ичинде кеңеште каралган кандидаттык диссертациялардын кыскача анализи:

М.Т. Сейтказиевдин«Дене тарбия сабактарында студент-юристтин кесиптик сапаттарын калыптандыруунун педагогикалык шарттары» аттуутемадагы кандидаттык диссертациясында студент-юристтердин кесиптик сапаттарын калыптандырууда дене тарбия сабагынын ролу, мааниси жана мүмкүнчүлүктөрү белгиленген; келечектеги юристтердин кесиптик сапаттарын калыптандыруунун педагогикалык системасы иштелип чыккан; дене тарбия сабактарында келечектеги юристтердин кесиптик сапаттарын калыптандыруунун ыкмалары, формалары жана каражаттары аныкталган жана системалаштырылган; модулдук окутуу технологияларынын негизинде кесиптик сапаттарды калыптандыруунун методикасы жана “Студент-юристтердин кесиптик сапаттарын калыптандыруунун педагогикалык шарттары” аттуу атайын курсу иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 8 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Х.Ф. Анаркулов.

С.С. Кузнецованын «Жогорку билим берүүнү модернизациялоо шартында ЖОЖдун билим берүүчү маалымат чөйрөсүн калыптандыруу»аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында жогорку билим берүүнү модернизациялоо шартында ЖОЖдун билим берүүчү маалымат чөйрөсүн этап менен калыптандыруунун модели иштелип чыккан; ЖОЖдун билим берүүчү маалымат чөйрөсүн калыптандыруу процессине студенттер да тартылган, алар СОИИ жана СИИИнин чегинде Институттун локалдык тармагындагы окуу ресурстарынын базасын кеңейтүү үчүн электрондук окуу продуктыларын иштеп чыгышкан; студенттердин окууга болгон мамилесинин деңгээлин жогорулатуунун, алардын таанып билүүчүлүк жана жаратуучулук өз алдынчалуулугун өстүрүүнүн таасирдүү методдору табылган; ЖОЖдун карамагындагы заманбап ресурстарынын баарын рационалдуу пайдаланууну эске алган ЖОЖдун билим берүүчү маалымат чөйрөсүн калыптандыруунун жолдору жана каражаттары, алардын ичинде студенттердин билимин модулдук-рейтингдик баалоо системасы бар маалымат-коммуникациялык, инсанга-багытталган жана кредит технологиялары сунушталган.

Изденүүчү тарабынан 10 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.к., доцент АН. Гудимова.

Т.А. Маковканын «Педагогикалык колледждеринин окуучуларында коммуникативдик компетенцияны калыптандыруу»аттуу темадагы кандидаттык диссертациясындаталдоонун жана теориялык-методологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жалпылоонун натыйжасында «коммуникативдик компетенция» деген түшүнүк такталган, анын мазмуну жана түзүмү аныкталган; педагогикалык колледждердин окуучуларында коммуникативдик компетенцияны калыптандыруунун натыйжалуулугун камсыздоочу психологиялык-педагогикалык шарттардын жыйындысы аныкталган жана илимий жактан негизделген; педагогикалык процесстин бардык компоненттеринин иштөөсүнүн системасын көрсөткөн коммуникативдик компетенцияны калыптандыруу методикасы иштелип чыккан (максаттык багыттар, методикалык ыкмалар, уюштуруу формалары, каражаттар, калыптануучу компетенциялар, баалоо методдору) жана аны окуу процессине киргизүү жолдору негизделген; тажрыйбалык-эксперименталдык иштин натыйжасына таянуу менен педагогикалык колледждердин окуучуларында коммуникативдик компетенцияны калыптандыруу боюнча сунуштар иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 14 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., доцент Н.К. Дюшеева.

А.Мутлунун «Жаңы типтеги мектептердеги окуучулардын таанып-билүүчүлүк кызыгуусун калыптандыруунун педагогикалык шарттары»аттуутемадагы кандидаттык диссертациясында англис тилин окутуунун жүрүшүндө предметке болгон кызыгууну бекемдөө жана өнүктүрүүнү камсыз кылуучу окуучулардын таанып-билүүчүлүк ишмердигин уюштуруунун усулдук системасы жаңы типтеги мектептер үчүн алгачкы жолу иштелген. 9-10-класстардын окуучуларынын чет тилин үйрөнүүгө болгон мотивдери жана анын ар кандай мазмунунун аспектилерине таануучулук ишмердигинин түрлөрүнө болгон мамилеси изилденген, алар эксперименталдык жол менен текшерилген.

Изденүүчү тарабынан 9 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор А.Ж. Муратов.

Т.К. Матикеевдин “Педагогикалык кадрларды даярдоо системасында болочок мектеп мугалимдеринин башкаруу маданиятын калыптандыруу”аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында болочок мугалимдердин башкаруучулук маданиятын өнүктүрүүнүн мазмуну илимий-практикалык негиздери, аларды уюштуруудагы кемчиликтердин мүнөзү, себептери аныкталган; ЖОЖдогу студенттердин башкаруучулук маданиятын калыптандыруунун модели иштелип чыккан жана аны өнүктүрүүнүн дидактикалык системасынын өзгөчөлүктөрү теориялык жактан негизделген; инсанга багытталган окуу-тарбия процессине негизделген болочок педагогдордун башкаруучулук маданиятын калыптандыруунун деңгээлдеринин көрсөткүчтөрү жана аны баалоонун критерийлери иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 13 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., доцент Ж.К. Каниметов.

М.Г. Сидорованын “Гуманитардык адистиктеги студенттердин кесиптик көп маданияттуулук компетентүүлүгүн калыптандыруу”аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында гуманитардык адистиктеги студенттерди даярдоо процессинде көп маданияттуу билим берүүнүн ролу жана орду аныкталган; адистин кесипкөй компетентүүлүгү менен көп маданияттуу билим берүүнүн өз ара байланышы жана өз ара көз карандылыгы аныкталган; гуманитардык адистиктеги студенттердин кесиптик көп маданияттуулук компетентүүлүгүн калыптандыруунун педагогикалык шарттары негизделген; ЖОЖдордун гуманитардык адистиктеги студенттердин кесиптик көп маданияттуулук компетентүүлүгүн калыптандыруунун бир шарты катары “ЖОЖдордун шартында көп маданияттуу билим берүү” адистик курсу иштелип чыккан жана апробациядан өткөн.

Изденүүчү тарабынан 10 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Т.М. Сияев.

А.В. Волкотрубованын “Дидактикалык оюндар чет тили сабагында өспүрүмдөрдүн таанып-билүү кызыгуусун өнүктүрүүнүн каражаты катары”аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында окуу ишмердүүлүгүн таанып-билүү кызыгууга арналган ата мекендик жана чет элдик эмгектерди иликтөөнүн негизинде таанып-билүү кызыгуусун өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана тенденциялары талданган; дидактикалык оюндун феномени ретроспективалык өңүттөн каралып чыккан жана анын маңыздык мүнөздөмөлөрү аныкталган; дидактикалык оюндун структуралык модели иштелип чыккан; дидактикалык оюндарды колдонуу мүмкүнчүлүгү жана ошондой эле иштелип чыккан дидактикалык оюндарды чет тили сабагында натыйжалуу колдонуу алгоритми эксперименталдык текшерүүдөн өткөн.

Изденүүчү тарабынан 9 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Т.В. Панкова.

А.Т. Ауезованын «Казакстандагы сырттан жогорку билим берүүнүн өнүгүүсү»аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында биринчи жолу Казакстандагы сырттан жогорку билим берүүнүн тарыхый өнүгүүсү анализденип, ал мезгилдүү доорлорго бөлүштүрүлгөн; Казакстандагы сырттан жогорку билим берүүнүн мазмуну, формасы жана окутуунун методдорунун өзгөчөлүктөрүнүн өзгөрүп-өнүгүүсү белгиленген; сырттан жогорку билим берүүнүн өнүгүү тенденциялары такталган жана алынган натыйжалар педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо процессинде колдонууга боло тургандыгы далилденген.

Изденүүчү тарабынан 15 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Г.Ж. Менлибекова.

Н.Б. Арстанбекованын “Химияны окутууда компьютердик технологияларды колдонуунун дидактикалык негиздери”аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында мектепте химия предметин окутууда компьютердик технологияларды колдонуунун теориялык жана практикалык өбөлгөлөрү айкындалган; химияны окутуу процессинде компьютердик технологияларды колдонуунун дидактикалык мүмкүнчүлүктөрү аныкталган; химия предметин компьютердик технологиялар аркылуу окутуунун модели иштелип чыккан жана педагогикалык эксперимент аркылуу тастыкталган; изилдөөнүн натыйжаларынын негизинде химия предметин окутууда компьютердик технологияларды колдонуу боюнча илимий-методикалык сунуштар иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 18 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.к., доцент Б. Кособаева.

А.С. Ортаеванын “Класстан тышкаркы ишмердүүлүк процессинде өспүрүм окуучулардын атуулдук активдүүлүгүн калыптандыруунун педагогикалык негиздери”аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында «өспүрүм окуучулардын атуулдук активдүүлүгү» түшүнүгүнүн маани-маңызы анализделинген жана такталган; өспүрүм окуучулардын атуулдук активдүүлүгүн калыптандыруунун модели, анын критерийлери, көрсөткүчтөрү. белгилери, калыптануу деңгээлдери иштелип чыккан; класстан тышкаркы ишмердүүлүк процессинде өспүрүм окуучулардын атуулдук активдүүлүгүн калыптандырууну камсыздоочу педагогикалык шарттар аныкталган; өспүрүм окуучулардын атуулдук активдүүлүгүн калыптандыруунун системасы иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 18 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор И.С. Сманов.

Ж.Э. Мамбетакунованын «Студенттердин таанып-билүүдөгү иштиктүү өз алдынчалыгынын билимдердин сапатына тийгизген таасирин изилдөө (болочок педагогдорго экономикалык теорияны окутуунун мисалында)»аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында билим жана билим сапаты түшүнүктөрү система катары каралып, алардын элементтеринин мазмуну илимий жактан талданган; студенттердин таанып-билүүсүндөгү негизги фактор алардын иштиктүү өз алдынча аракеттери болору далилденип, ал сапатты калыптандыруунун дидактикалык шарттары аныкталган; студенттерге сунуш кылынуучу экономикалык билимдердин структуралык элементтери дидактикалык бирдик катары аныкталып, аларды өздөштүрүүнүн иштиктүү методдору жана формалары иштелип чыгып, окуу жайдын практикасына киргизилен; педагогикалык эксперименттин жыйынтыктары билимдердин элементтери жана аракеттердин мүнөзү боюнча математикалык статистиканын методдорун колдонуу аркылуу талданган.

Изденүүчү тарабынан 12 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор В.Л. Ким.

Г.А. Касымованын ”Келечектеги башталгыч мектеп мугалимдеринин окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоо компетенттүүлүгүн  калыптандыруунун педагогикалык шарттары”аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында башталгыч мектеп мугалиминин окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо процессин ар тараптан анализдөөнүн негизинде беш баллдык баалоо шкаласынын жетишпегендиктери айкындалган; окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча вариант катары жети баллдык шкаласы практикада сыналышы жана өзгөчөлүктөрү белгиленген; келечектеги башталгыч мектеп мугалиминин окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоо компетенттүүлүгүн калыптандыруунун педагогикалык шарттары аныкталган.

Изденүүчү тарабынан 11 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Т.М. Сияев.

Э.С. Сабырованын «Башталгыч класстын окуучуларынын социалдык активдүүлүгүн кыргыз элдик педагогиканын каражаттары аркылуу калыптандыруу»аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында башталгыч класс окуучуларынын социалдык активдүүлүгүн калыптандыруунун  мазмуну республиканын социалдык-маданий шарттарына шайкеш аныкталган жана такталган; башталгыч класстын окуучууларынын социалдык активдүүлүгүн калыптандыруудагы элдик педагогиканын каражаттарынын потенциалы айкындалган; элдик педагогиканын каражаттарын колдонуу аркылуу башталгыч класс окуучуларынын социалдык активдүүлүгүн калыптандырууга багытталган  педагогикалык шарттары айкындалган жана эксперимент аркылуу текшерилген; элдик педагогиканын каражаттарын колдонуу аркылуу башталгыч класс окуучуларынын социалдык активдүүлүгүн калыптандыруу боюнча илимий-практикалык сунуштар иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 11 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Р.Н. Токсонбаев.

П.М. Махашованын «Окутуунун кредиттик технологиясын ишке ашыруу шартында ЖОЖдордун студенттеринин кесиптик жана инсандык компетецияларын калыптандыруу»аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында изилдөөнүн негизги материалдары программалык документтерде чагылдырылган жана аларды ЖОЖдордо болочок мугалимди даярдоо мезгилинде психологиялык-педагогикалык жана методикалык дисциплиналардын системасын окутууда, педагогикалык практикада, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө колдонууга болот.

Болочок педагогдун кесиптик жана инсандык компетенцияларын калыптандырууну жогорулатуу максатында окутуунун кредиттик технологиясы шартында болочок педагогдун кесиптик жана инсандык өнүгүү методикасы, студенттер үчүн “Болочок педагогдун кесиптик-инсандык өнүгүсүнүн технологиясы” окуу модулунун программасы, ЖОЖдун окутуучулары үчүн “Окутуунун кредиттик технологиясын ишке ашыруу шартында билим берүү процессин оптималдаштыруу” семинар-тренингдин программасы иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 11 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор А.Т. Калдыбаева.

А.К. Есельбаеванын«Студенттердин кыймыл маданиятын ритмопластика каражаттары аркылуу калыптандыруу» аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында ритмопластика боюнча сабактарды өтүү методикасынын принципиалдуу мүмкүн болуусу жана жанылуулугу белгиленген; ритмопластика жана аны студенттердин ЖОЖдо окуп жаткан мезгилде өздөштүрүүсү боюнча тажрыйбалык-эксперименталдык иштердин мазмуну иштелип чыккан; ритмопластиканын студенттердин психофизикалык сапаттарына болгон таасирин мүнөздөөчү оригиналдуу эксперименталдык маалыматтар алынган; ритмопластика каражаттары аркылуу студенттердин кыймыл маданиятынын калыптануусунун методикасы иштелип чыккан жана илимий негиделген сунуштар даярдалып сунушталган.

Изденүүчү тарабынан 12 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Х.Ф.Анаркулов.

Э.К. Мирзалиеванын “Гуманитардык колледждин окуучуларынын класстан тышкаркы ишмердүүлүктө адептик-эстетикалык маданиятын калыптандыруу”аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында гуманитардык коллдеждин окуучуларынын класстан тышкаркы ишмердүүлүктө адептик-эстетикалык маданиятын калыптандыруу деген түшүнүктөрүнүн мааниси жана маңызы такталган; окуучулардын адептик-эстетикалык маданиятын калыптандыруунун критерийлери, деңгээлдери (жогрку, орто, төмөн) аныкталган, эмпатиялык жөндөмдүүлүктөрү калыптандырылган, инсандын чыгармачыл потенциалы өнүктүрүлгөн; гуманитардык коллдеждин окуучуларынын адептик-эстетикалык маданиятын калыптандыруунун модели иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 12 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор А.Т. Калдыбаева.

И.К. Шерматованын “Жогорку окуу жайлардын студенттеринин психологиялык түшүнүктөрүн  калыптандыруу”аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында болочок адистердин психологиялык компетенттүүлүгүн арттыруу максатында студенттердин психологиялык түшүнүктөрүн калыптандырууну алардын ой жүгүртүү жөндөмүнүн жана интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн интегралдуу мүнөздөмөсү катары каралган; жогорку окуу жайларда жалпы психологияны окутуунун эң маанилүү функциясы – анын негизги түшүнүктөрүн калыптандыруу болуп эсептелери тастыкталган; студенттердин психологиялык түшүнүктөрүн калыптандыруунун натыйжалуулугун арттыруучу дидактикалык  шарттарды, аларды ишке ашыруунун методдорун, каражаттарын жана уюштуруу формалары иштелип чыккан жана илимий-педагогикалык жактан негизделгендиги менен аныкталат.

Студенттердин психологиялык түшүнүктөрүн калыптандыруунун теориялык жоболору жана технологиялары жогорку окуу жайлардын окутуучулары тарабынан адистердин психологиялык билимдерин, маданиятын жана инсандык жекече сапаттарын калыптандыруу максатында колдонууга ыңгайлуулугу менен аныкталган.

Изденүүчү тарабынан 16 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Э.Мамбетакунов.

А.Т. Ермуратованын «ЖОЖдордо инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу студенттердин таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүн активдештирүү («Музыкалык билим берүү»)аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында музыкалык адистиктердеги студенттердин таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү зарылдыгы негизделген; өзүнө когнитивдик, эмоционалдык-керектөөчүлүк, уюштуруучулук-ишмердүүлүк жана баалоочулук-жыйынтыктык компоненттерди камтыган студенттердин таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүн активдештирүүнүн теориялык модели иштелип чыгарылган; студенттердин таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүн активдештирүүнүн методикасы даярдалган; сунушталган модель менен методиканы ишке ашыруунун педагогикалык шарттарын эксперименталдык жактан текшерилген.

Музыкалык адистиктердеги студенттердин таанып-билүүчүлүк даярдыгынын модели иштелип чыккан жана маданий-массалык иштер боюнча предметтердин окуу-методикалык комплекстерине киргизилген; музыкалык адистиктердеги студенттердин инсандык таанып-билүүчүлүк активдүүлүгүнүн калыптангандыгынын критериалдык аппараты иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 19 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор В.А.Ким.

         А.А. Жолчиеванын «Чет тилдерди үйрөнүү процессинде окуучулардын коммуникативдик компетенцияларны калыптандыруу (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде англис тили cабагынын мисалында)» аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында Кыргыз Республикасынын педагогдорунун жана лингвисттеринин чет тилдерин окутуу маселелери боюнча илимий-практикалык тажрыйбалары жалпыланган, окуучулардын чет тилдерди үйрөнүү процессинде коммуникативдик компетенцияларды калыптандыруунун мазмуну жана технологиясы иштелип чыккан, ошондой эле окуучулардын англис тили сабагында коммуникативдик компетенцияларды калыптандырунун педагогикалык шарттары аныкталган.

         Диссертациялык изилдөөнүн жүрүшүндө чет тилин үйрөнүү процессинде компетенттүү мамилени жүзөгө ашыруунун практикалык жолдору жана ыкмалары иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 15 илимий макалалар жана окуу-методикалык колдонмолор жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Н.А.Асипова.

         У.Y. Бейшеналиеванын“Мультимедиа технологияларынын негизинде студенттердин маалыматтык компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары” аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында

маалыматтык компенттүүлүктү калыптандыруунун компьютердик сабаттуулук, маалыматтык сабаттуулук жана чеберчилик денгээлдери аныкталып чыккан; студенттердин маалыматтык компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары аныкталган; студенттердин маалыматтык компетенттүүлүгүн калыптандырууда мультимедиа технологияларын колдонуунун методикалык системасы аныкталган; адистиктерди даярдоодо «Мультимедиа технологиялары» тандоо курсу боюнча электрондук окуу методикалык комплекси түзүлгөн жана окутуу технологиялары иштелип чыккан.

Изденүүчү тарабынан 19 илимий макалалар жарык көргөн.

Илимий жетекчи: п.и.д., профессор С.К. Калдыбаев.

         Н.Т. Карашеванын “Медициналык жогорку окуу жайынын студенттеринин маалыматтык маданиятын калыптандыруунун дидактикалык системасы” аттуу темадагы кандидаттык диссертациясында азыркы замандагы медицинаны информатизациялаштыруу тенденцияларына ылайык болочок врачтардын маалыматтык маданиятынын структурасы жана мазмуну аныкталган; маалыматтык маданияттын деңгээлдери, калыптандыруу критерийлери жана көрсөткүчтөрү аныкталган,